Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 37 541ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 4-августка карата коронавирустун жаңы 412 учуру катталганын кабарлашты. Ооругандардын 114ү Бишкек шаарында.

Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда — 70, Ош шаарында — 43, Ысык-Көл облусунда — 41, Ош облусунда — 39, Чүй облусунда — 37, Баткен облусунда — 30, Нарын облусунда — 21 жана Талас облусунда — 17 адамдан COVID-19 аныкталды.

Ошондой эле, өткөн суткада 816 адам айыгып, жети бейтап каза болду.

Жалпысынан коронавирусту 37 541 адам жуктуруп алды — алардын арасында 2 854 медицина кызматкери бар.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 28 743ү айыгып, 1 427 киши каза болду. Бүгүнкү күндө 7 382 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Эң көп бейтап Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жатат — 2 752. Ошондой эле, Ош облусунда — 1 190, Чүй облусунда — 802, Ысык-Көл облусунда — 736, Жалал-Абад облусунда — 654, Ош шаарында — 539, Баткен облусунда — 397, Талас облусунда — 162 жана Нарын облусунда — 150 киши коронавирус менен күрөшүүдө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.