Ош облустук ооруканасынын курулушун демилгелеген медик Виталий Сергеев каза болду

Сүрөт: Ош облустук ооруканасы

СССРдин эл дарыгери, Кыргызстандын жана Орусиянын эмгек сиңирген врачы, доцент, медицина илимдеринин кандидаты Виталий Сергеев 4-августта 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Профессор Шайирбек Сулайманов медик оорудан улам көз жумганын билдирди.

Сергеевдин демилгеси менен 1970-жылы Ош шаарында көп профилдүү оорукана куруу чечими кабыл алынган. Бир нече жылдан кийин 800 орунга ылайыктаган бейтапкана пайдаланууга берилген.

Ош облустук ооруканасында 30 жыл башкы дарыгер болгон жана анын жетекчилиги астында 1300 врач, 21 миң медкызматкер билимин жогорулаткан. 9 медик диссертация жактаган.

Сергеев 1931-жылы Тажикстанда туулган. 1935-жылы үй-бүлө Фрунзеге көчүп барган. Сергеев мектепти аяктагандан кийин Кыргыз медициналык институтуна тапшырган.

Окууну аяктагандан кийин жубайы экөө эмгек жолун Өзгөн райондук ооруканадан башташкан. Көп өтпөй хирург Өзгөн райондук ооруканасынын башкы дарыгери болуп дайындалган. 1964-жылдан тартып облустук оорукананы жетектеп турган.

1994-жылы ал үй-бүлөсү Орусиянын Калуга аймагынын Мстихино айылына көчүп кеткен.