Бир кадр менен: Сулайман-Тоодон суу издеген коёндор

Сүрөт: Данияр Өскөнбаевдин фейсбук баракчасынан алынды

Фейсбуктун колдонуучусу Данияр Өскөнбаев 4-августта Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо коёндордун түтүкчөлөрдөн суу ичүүгө аракеттенип жатканы тартылган сүрөттөрдү жарыялаган.

Анда жайдын аптаптуу күнүндө суусундугун кандырууга ашыгып аткан жаныбарларды көрүүгө болот.

«Сулайман-Тоонун байкуш коёндору. Түтүктөн араң тамчылап чыккан сууну ичишүүдө», — деп сүрөттөгөн ал.

«Сулайман-Тоо» музейинин Тарыхый мурастарды коргоо, популизациялоо жана мониторниг бөлүмүнүн кызматкери Алтынай Сатылбадиева «Клоопко» коёндор жапайы болгондуктан, аларга атайын суу берилбегенин айтты.

«Тоодогу бак-дарактарды суугаруу үчүн түтүктөрдөн суу коё берилген кезде коёндор да ичишет. Анан алар жапайы коёндор болгондуктан бизди көргөндө качышат. Биз коёндорго ноябрдан баштап жаз айына чейин атайын капуста жана сабиздерди коюп коёбуз, бирок суу коюлбайт», — деди Сатыбалдиева.

Сулайман-Тоонун бийиктиги 195 метр. Ал 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон. Тоону коёндордон сырткары кирпи чечен, таш бакалар, жыландардын түрлөрү жана кескелдириктер байырлайт.