Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары пневмониядан каза болду

Маркум Кошой Исалиев. Сүрөт: Улуттук статистика комитетинин сайтынан алынды

6-августта Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Ал 63 жашта болчу.

Исалиев орун басарлыкка мындан бир жыл мурун дайындалган. Ал эми статистика органдарындагы эмгек жолун 1999-жылы Чүй—Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштаган.

2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн биринчи айыл-чарбалык каттоону жетектеп, жыйынтыгында Чүй—Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмү Кыргызстан боюнча биринчи орунду алган.

2013-жылы Улуттук статкомдун башкы эсептөө борборунун башчысы болуп эмгектенип, бир жылдан соң мамлекеттик статистиканын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеген.

Маркум «Кыргыз Республикасынын статистика тармагынын отличниги» наамынын ээси жана бир нече мамлекеттик Ардак грамоталар менен сыйланган.

6-августка карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 38 659га жетти. Илдет жуктуруп алгандардын 30 099у айыгып, 1 447 бейтап көз жумду. Учурда илдеттен 7 165 бейтап дарыланууда.