Ысык-Көлдүн кире беришиндеги посттор алынды, аймактар аралык каттам жанданды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: НТС

Республикалык штабдан 5-августта Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттор алынганын жана райондор аралык каттам жанданганын билдиришти. Мындай чечим облустук ыкчам штабдын жыйыныныда кабыл алынган.

Өкмөттүн облустагы жетекчиси Балбак Түлөбаев посттордо иштеген кызматкерлер өз иш ордунда эмгектениши керек деген оюн айтты. Ошол эле мезгилде Түлөбеав айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине санитардык нормаларды сактоо боюнча жоопкерчилик жүктөлөт деп ишендирди.

«Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. Учурда алар өз ордуларында иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар», — деп белгиледи облус башчы.

Облустагы Каракол шаарынын тургуну, активист Алена Хоменко жергиликтүү бийликтин чечимине карата фейсбукта «Ура, жоро-жолдоштор, баарыңыздар биз тарапка келиңиздер! COVID-19дун оорулуулар боюнча статистикасын чогуу көтөрөбүз» деп жазды.

Ага жооп кылып Түлөбаев посттор символикалык мүнөзгө гана ээ болчу деп айтты.

Ысык-Көл облусунда кырдаал оор болуп жаткан. Лабораториялык тастыкталган коронавирус менен инфекция пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикасы бириктирилгенден кийин аймакта COVID-19 2 эсе өскөн.

Бирок Түлөбаев 3-августта облуста эпидемиялык абал бир аз жакырып жатканын билдирген. Анткен менен пансионаттардын көпчүлүгү жайгашкан Ысык-Көл районунда кырдаал оор бойдон калууда. Облус башчысы талаптар аткарылбаса пансионаттарды жабууга чейинки чаралар көрүлөрүн эскерткен.

28-июлда өкмөт башчысы Кубатбек Боронов аталган облустагы абалды «курч» деп атаган. Мунун себебин эс алуучулардын кескин көбөйүп кеткени менен байланыштырган. Анын маалыматы боюнча июнь айында 3 миң ички турист болсо, 20-июлда 10 миң кишиге жеткен.

6-августка карата Ысык-Көлдө коронавирус жалпы 3 миң кишиде аныкталды. Жалпы өлкө боюнча аталган инфекция 38 миңден ашуун кишиден табылды. Анын ичинде 1,5 миңдей адам кайтыш болду.