БШК «Чоң Казат» партиясына эрте жүргүзгөн үгүт иштери үчүн эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 6-августта «Чоң Казат» саясий партиясынын үгүт эрежелерин бузган учурун карашты.

«Чоң Казат» кыймылынын фейсбуктагы барагында «Чоң Казат» саясий партиясынын аты жана эмблемасы колдонулган бир нече видеоролик жарыяланган. Роликтерде партиянын мүчөлөрү үгүт чакырыктарды айтышкан. Мындан тышкары, роликтердин биринде партия мүчөлөрү дары-дармектерди жана гуманитардык жардамды партиянын эн белгиси бар таңгактарда ооруканаларга жана стационарларга жеткиргени тартылган.

БШК партиялар үгүт иштерин бир айдан кийин гана, 4-сентябрдан тарта баштай алышарын түшүндүрдү. Мындан тышкары, шайлоого катышып жаткан саясий уюмдарга кайрымдуулук иш кылганга тыюу салынган. БШК бул тууралуу саясий бирикмелерге бир нече жолу эскерткен.

БШК «Чоң Казат» жогоруда белгиленгендердин негизинде үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузуп жатканын белгиледи.

Отурумда «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Азамат Турдалиев билдиргендей, роликтер жарыяланган барак аларга эмес, ушундай эле аталыштагы коомдук кыймылга таандык жана алар видеолордун жайылышына таасир эте алышпайт. Анын айтымында, бул видеороликтер партиянын саясий кеңеши тарабынан бекитилген эмес жана алар расмий баракта жок. Ал андыктан бул кадамдарды партияга бут тосуу аракети деп баалады.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева кайсы бир адамдар саясий уюмдун беделин кетириш үчүн жалган материалдарды колдонуп жатса, анда партия укук коргоо органдарына кайрылышы керектигин белгиледи.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мурдараак «Чоң Казатка» байланыштуу маселени жумушчу топ териштиргенин, ошондо партиянын өкүлдөрү бул аларга таандык роликтер экенин мойнуна алышканын жана аларды өчүрүүнү убадалашканын белгилеп өттү.

«Эми чоң казатчылар өз билдирүүлөрүн төгүндөп жатышат», — деди ал.

Отурумдун жыйынтыгында партияга кат түрүндө эскертүү берилди. Партия эки күндүн ичинде үгүт роликтерин интернеттен өчүрүп, бул тууралуу БШКга кабарлоого милдеттүү. Эгер бир партия эреже бузгандыгы тууралуу кат түрүндө эки эскертүү алса, анда ал шайлоодон четтетилет.

Буга чейин «Бирик» жана «Реформа» партиялары да мөөнөтүнөн мурда үгүт иштери үчүн эскертүү алышкан.

Парламенттик шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрга чейин созулат. 4-октябрга дайындалган шайлоо алдындагы бир күн тынч күн деп эсептелет.

20-августка чейин партиялар съезддерди өткөрүп, квоталарды эске алуу менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Бүгүнкү күндө шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери деп төмөнкүлөр эсептелет:

  • тигил же бул талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
  • айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоо билдирүү;
  • талапкерлердин тизмелерин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
  • талапкерлердин кесиптик иштерине байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.