Иллюстративдик сүрөт

Нарын облустук соту быйыл жыл башында аялын тепкилеп өлтүргөн кишиге карата райондук соттун чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Сот отуруму 4-августта болуп өттү. Ага чейин 12-майда Кочкор райондук соту шектүүнү «Бейбаштык максатта ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 110 миң сом айып салып 10 жылга кескен.

«Азаттык» радиосунун кабарлашынча, жабырлануучу тарап райондук соттун шектүүгө берген жазасы жеңил болуп калганын айтып, аппеляциялык арыз менен облустук сотко кайрылган. Сот отурумуна шектүү видеобайланыш аркылуу катышып, жасаган ишине өкүнөөрүн айтты. Андан сырткары кайын журтунан кечирим сураган.

«Кайын атам, кайын энем кызынан кандай ажырап жатса, андан да жаман мен ажырап жатам. Балдарымдан дагы айрылып, аялымдан да ажырап жатам, мындай болот деп эч качан ойлогон эмесмин. Алар кандай азап тартса, мен да андан жаман азап тартып жатам. Келинчегимден дагы, эркиндигимден да айрылып отурам, өкүнөм», — деп шектүү көзүнө жаш алган.

Ал эми маркумдун атасы Кеңешбек Садабаев күйүтү бүтпөй, жаны кыйналып жатканын сот отурумунда айткан.

«Атасы катары менин жаным күйүп, өлгөнү турам ыйлап… Энеси да ыйлап отурат. Үйдө төрт бала мамалап ыйлап отурат», — деп көзүнүн жашын сүрттү ал.

Судья Азамат Койлонбаев тараптар жогорку инстанцияга кайрылууга укугу бар экенин эскертти.

Окуя 2020-жылы 1-январда катталган. Маркумдун күйөөсүнүн айтымында, ал 31-декабрдын түнүндө үй-бүлөдөгү акча көйгөйүнөн улам аялы менен уруша кеткен. Шектүү аялын бетке бир нече жолу муштап, ал жерге жыгылып калганда башка тепкилеген. 37 жаштагы Жылдыз Садабаева күйөөсүнүн муштумунан каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча шектүү 1986-жылы туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Жыл бышында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь айында эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу боюнча бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөлү зомбулуктан жабыр тарткан жети аял өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Андан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

ТЕМА БОЮНЧА: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?