Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 460 адамга жетти

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмониядан 9 бейтап көз жумду.

Коронавируска кабылган 4 бейтап Бишкекте, 2 бейтап Баткен облусунда кайтыш болду.

Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарында инфекциядан бирден адам көз жумду.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирус жана пневмониядан 1 460 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда 30-июлда пандемия маалында каза болгондордун элесине арналып аза күтүү күнү өткөн. Ал эми 29-августта Бишкек мэриясы «Эскерүү шамы» акциясын өткөрүүнү пландоодо.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 8-августка карата коронавирус жуктуруунун жалпы учурлары 39 487ге жетти.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпысынан 31 281 адам айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.