Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын 29-августта кечки саат 21:30да «Эскерүү шамы» акциясына катышууга чакырды. Иш-чара COVID-19дан кайтыш болгондордун элесине арналат.

Муниципалитет Твиттер баракчасына акциянын жол-жобосун түшүндүргөн видео дагы жарыялады.

«Саат 21:30 да үйлөрүбүздөгү жарыктарды өчүрүп, терезелерди ачып, шамдарды күйгүзүп, каза болгондорду эскерели», — деп жазылат маалыматта.

https://twitter.com/bishkekcityhall/status/1291365376199135237

Буга чейин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен коронавирустан узап кеткендерди эскерүү үчүн 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Ага ылайык, ал күнү маданият мекемелерине жана телерадиокомпаниялар оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрдү токтоткон. Андан сырткары Кыргызстандын бардык аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы желектер түшүрүлгөн.

6-августка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 38 659 учур катталып, 1447 киши оорудан каза болгон. Ошол эле маалда 30 099 бейтап сакайды.