Кара-Сууда каналга агып кеткен 7 жашар баланын сөөгү табылды

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы каналга чөгүп кеткен жети жашар баланын сөөгү 10-августта табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

«Эми гана табышты, толук маалымат келе элек. Сөөк ошол эле аймактан табылды», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бала 9-августта чөгүп кеткендигин маалымдаган.

Издөө иштерине төрт куткаруучу жана жергиликтүүлөрдөн он киши тартылып, бирок баланы таба алышкан эмес — кеч болуп кеткендиктен издөө иштери токтотулган.

Учурда Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери уланууда.