Билим берүү министрлиги окуучуларга окутуунун жаңы формаларын сунуштады

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 11-августта өткөн брифингде Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн окутуунун жаңы форматтары киргизилип жатканын маалымдады. Эми окутуунун үч формасы болот: аралыктан окутуу, салттуу-аралыктан окутуу жана салттуу окутуу формасы.

Июль айынын аягында билим берүү министрлиги мектептерде жаңы окуу жылынын биринчи чейреги аралыктан өтөөрүн билдирген.

Мектептерде окутуунун формасы кантип аныкталат?

Мектептердеги окутуунун формасы төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:

  • Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен;
  • Эки тараптуу келишимдер аркылуу. Ата-энеге баласы үчүн окутуунун формасын тандоо укугу берилип, мындан соң мектеп менен ата-эненин ортосунда келишим түзүлөт.

Аралыктан окутуу формасы

Жусупбекова билдиргендей, аралыктан окутуу формасы эпидемиологиялык кырдаал оор болгон аймактардагы мектеп окуучулары үчүн сакталат.

«Бул балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч бар болгон “кызыл аймактарга” тиешелүү. Ошол эле учурда телеканалдарда берилип жаткан видеоматериалдар колдонулат, мугалимдер онлайн сабактарды уюштуруп, окуучулар менен кайра байланыш уюштуруп турушат», — деди ал.

Салттуу окутуу формасы

Салттуу окутуу формасына эпидемиологиялык кырдаал турукташкан аймактардагы мектеп окуучулары өтө алышат.

«Балдарды салттуу [формада] окутуу аймактык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун чечиминин негизинде, ийкемдүү расписаниеге ылайыкталып, балдар менен мугалимдердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратпастан өткөрсө болот», — деди Жусупбекова.

Салттуу-аралыктан окутуу формасы

Окутуунун мындай аралаш формасы мектеп окуучуларын аптанын белгилүү күндөрү гана окутууну талап кылат.

«Класстар ар кайсы күндөрү окушу үчүн аларды 2 топко бөлүп койсо болот. Мисалы, биринчи топ дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү, ал эми экинчиси шейшемби жана бейшемби күндөрү окуйт. Окуучулар мектепте окуп жатканда мугалимдер жаңы окуу материалын гана түшүндүрүп берет же контролдук иштерди гана өткөрөт. Жума күндөрү окутуучулар окуучулар менен кайра байланыш уюштуруп, кийинки сабактарга даярданышат», — деп Жусупбекова мисал келтирди.

Ведомство окуучулар көп болгон учурда класстын бир бөлүгүн аралыктан окутуу формасына өткөрүүнү сунуштайт.

«Өзүнчө предметтер боюнча окутууну бардык санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен таза абада өткөрсө болот», — деди Жусупбекова.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын бийлиги 8-апрелде бардык мектеп окуучуларын аралыктан окутуу формасына өткөргөн. Ошондо ведомство окутуу планын иштеп чыккан эле. Ага ылайык, мектеп окуучулары окуу материалдарын ведомствонун сайтынан же телевизордон көрүшкөн.

Бирок, бир топ ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар мындай окутуу формасы аларга кыйын болуп жатканына нааразы болушкан. Алар гаджеттердин жетишсиздигине, интернет акысын төлөө үчүн акчанын тартыштыгына, байланышуу сапатынын начардыгына жана окуу материалдарынын түшүнүксүздүгүнө даттанышкан.

Окуучу балдардын көбү классташтары жана башка окуучулар менен көрүшүп-сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калгандыктан, психологиялык көйгөйлөргө кабылышкан.

11-августка карата өлкө боюнча коронавируска чалдыккан 40 455 адам катталган. Алардын ичинен 32 764 бейтап айыгып, 1 478 адам каза болду.