Ысык-Көл облустук соту 27-июлдагы отурумунда былтыр 19-октябрда эгиз балдарынын бирин катуу сабаган кишинин ишин карады. Анда быйыл 15-майда райондук соттун чыгарган өкүмү өзгөртүлгөн. Райондук сот айыпталуучуну Жазык кодексинин «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып салган. Бирок мунапыс жөнүндөгү мыйзамга таянып, мыйзамда каралган жазаны жокко чыгарган.

Облустук сот айыпталуучуну мунапыс жөнүндөгү мыйзам боюнча эркинен ажыратууну жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырып, бирок 50 миң сом айып пул салуу өкүмүн кайра чыгарган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча 2019-жылы 19-октябрда Ак-Суу районунун тургуну кечинде эгиз балдарынын бири ыйлагандыктан ага жини келип, эшикке жетелеп чыккан. Ал жактан баласын катуу сабагандыктан ал эсин жоготкон, бирок ага биринчи медициналык жардам берүүнүн ордуна үйгө алып келип төшөккө жаткырып койгон.  Аял-күйөөсү баланын сабалганын жашырышып, аны беш күн бою кемпирлерге алып барышкан. Наристенин абалы начарлап, денесин калтырак басып, эсин жоготкондо гана Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө алып барышкан. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жаш бала денесине анчалык оор эмес жаракат алганы аныкталган. Жубайлар 2018-жылы 1-февралда эгиз балалуу болушкан. Андан тышкары үч жашар баласы бар.

Бирок айыпталуучунун аялы сотто берген көрсөтмөсү тергөөнүн маалыматы менен дал келбейт. Аялдын айтымында, күйөөсү эгиздердин бирин инисине окшошуп калганы үчүн төрөлгөндө эле жактырбай келген. Мисалы ымыркай бешикте жаткан кезинде ыйлаганда бетке чаап жаман көрүп, соороткон учурлары көп болгон.

Окуя болгон түнү күйөөсү эгиздердин бирөө ыйлагандыктан аны төшөктө жаткан жеринен эшикке алып чыгып, 20-30 мүнөттөн кийин кайра келишкен. Баланы үйгө алып киргенде андан үн чыккан эмес, анан таңга маал болжол менен 05.00 чамасында ыйлап, жөрмөлөп ага келгенде, күйөөсү укпасын деп башка бөлмөгө кирген. Анын оӊ кулагынын ичи көгөрүп калганын, эки бети жана моюну тытылганын, чекесинде көк-ала түстөгү үч сызык пайда болуп калганын байкап, күйөөсүнө "Баланы ушунча дагы сабайңбы" дегенде, "Таң ата элек эмнеге ызы-чуу салып жатасың, энеңди урайын, сени дагы сабай электе эшикке чык” деп айтканынан, ал сыртка чыгып кеткен. Эрте менен баласы ичкенин кускан. 2019-жылдын 23-октябрында болжол менен кечки саат 18.50 чамасында наристенин денеси калчылдап калтырак басканда оозуна колун салып, үйлөп дем алдырып, анан ооруканага барып жаткырышкан. Аялдын айтымында 19-октябрдын кечинде бала жакшы эле жүргөнүн, денесинде эч кандай тактар болгон эмес.

Сотто айыпталуучу жасагандарын моюндап, бирок анын кесепети мынчалык болот деп ойлобогонун айткан.

Аял сотто күйөөсүн «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» беренесинин 4-бөлүгү өзгөчө мыкаачылык менен денеге зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп табуунун суранган. Жабырлануучу тарап айыпталуучуга райондук сот жеңил жаза берди жана ишти анын пайдасына чечип койду деп жогорку инстанцияга кайрылган.