Коронавирус дагы 278 кишиден аныкталды — жалпы 40 445 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штабдан 11-августта коронавирустун жаңы 278 учуру катталганын кабарлашты.

Ооруга чалдыккандардын 57синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 221инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 104;

Жалал-Абад облусунда — 40;

Ош облусунда — 34;

Баткен облусунда — 27;

Чүй облусунда — 21;

Ош шаарында — 19;

Ысык-Көл облусунда — 17;

Нарын облусунда — 13;

Талас облусунда — 3 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 40 445ке жетти. 17 633 кишиде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 22 822 бейтап пневмонияга чалдыккан.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 16 786. Ал эми Чүй облусунда — 5 089, Ош шаарында — 3 223, Ош облусунда — 3 717, Нарын облусунда — 1 610, Жалал-Абадда — 3 616, Ысык-Көлдө — 3 185, Баткенде — 1 936 жана Талас облусунда 1610 учур катталды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 32 764ү айыгып, 1 478 киши көз жумду. Каза болгондордун арасында 257синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 1 221инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.