Ош шаарынын кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттор алынды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор 8-августтан тарта ишин токтотту. Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ошто жалпы 7 пост алынган. Алар: «Жапалак ДЭУ», «Тээке-аскер полигону», «8-март», «ТЭЦ», «Беш-Көпүрө», «Кырарык-Арка» жана «Амир-Темур».

Ошол эле учурда мэриядан эпидемиологиялык абал оор бойдон калганын белгилешип, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эске салышты.

11-августка карата Ош шаарында коронавирустун жалпы 3 223 учуру катталды. Ооругандардын 2 598и айыгып, ал эми 123 бейтап каза болду.