Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова узакка созулган оорудан 12-августта 83 жашында каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Ленинполь районуна (азыркы аталышы Бакай-Ата району) караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

Ал эмгек жолун журналистика тармагында баштаган. Атап айтканда 1961-1969-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылы «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жылга чейин 20 жыл бою «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары болуп иштеген.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деп аталып, 1964-жылы жарык көргөн. Момунова котормочу да болгон. Ал Илья Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон. Андан сырткары анын айрым ырлары чет жактардагы конкурстарда дагы байгелүү орундарды алган. Мисалы 1996-жылы Түркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эларалык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

Анын айрым ырларын эстрада ырчылары да аткарып жүрөт. Мисалы «Унуталбайм» ырын эстрада ырчысы Мирбек Атабекова аткарат.

1987-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал эми 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамына татыган.

11-августта 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дагы каза болду.