Ымыркайды 30 миң сомго сатууга айыпталган кишинин иши жогорку сотто каралат

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында ымыркайды 30 миң сомго баалап, сатууга аракет жасоого айыпталган 23 жаштагы кишининин иши жогорку сотто каралат. Бул тууралуу «Клоопко» соттолуучунун жактоочусу Айсалкын Карабаева билдирди.

Анын айтымында, Оштогу соттор анын кардарына карата акыйкат чечим чыгарбай жатат. Мындан улам ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында жогорку сотко арыз менен кайрылган. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов иш жогорку сотко өткөнүн тастыктады.

«Милиционер менен сойкукана башчысынын планы»

Карабаева айыпталуучу бир жылдан ашуун далилсиз камакта отурат деп ишендирди. Ал кардарын «эмчектеги баланы сатууга айыптоо» Ош ШИИБинин кызматкери менен шаардагы сойкукана башчыларынын биринин планы дейт.

Анын айтымында, наристенин апасы сойкуканада иштеп жүргөн. Ал кош бойлуу болуп, төрөгөндө ооруканага кеткен чыгымдарды аны иштеткен аял төлөп, кыз аялга 30 миң сом карыз болуп калган.

«Кыз карызын төлөө үчүн өзүнүн мурдагы кардары болгон, жарандык никедеги жолдошунан жардам сурайт. Ал кызга Бишкекке барып иштеп, карызды төлөөнү сунуштап, экөө өз ара пландаштырышат. Бирок кызды иштеткен аял аларды качып кетет деп милиционер менен чогуу кылмыш ишин уюштурган», — дейт ал.

Түзүлгөн планга ылайык, сойкукана башчысы аларга карыздан кутулганга чейин баланы анда калтырууну талап кылат. Ал эми киши наристени ага алып чыгып берет.

«Бала наристени көтөрүп чыкканда, милиционердин жалданган жеңеси баланын чөнтөгүнө 30 миң салып коёт. Бала ал аялды тааныбай калат. Анан дароо эле сойкукананын башчысы милиционерге кабар берип, экөөнү бала сатты кылып алып кетишет. Эмнеге бала сатуу болсо ал аял 102ге чалбайт да, дал ошол милиционерге чалат?» — деп суроо салды ал.

Карабаева эгер жубайлар наристени сатууга аракет кылганы чын болсо, кимдир бирөө менен байланышып, алдын ала келишип алмак дейт.

«Жок кылмышты бар кылышып, бирөөнү соттотуп жиберишти. Сот акыйкат болбой жатат. Далилди карашы керек эле, булар кимдерге сатам деп сунуштаган, ким менен канча жолу байланышканын карашы керек болчу», — деп түшүндүрдү ал.

Ал милиционер боюнча Ош ШИИБиге сурам жибергенде аны жумуштан кетти деп айтышканын билдирди. Ошондой эле жактоочу ымыркай айыпталуучунун биологиялык атасы эместигин, аталыкты аныктоочу эч кандай экпертизалар жүргүзүлбөгөнүн айтты.

Милиция адвокаттын айыптоолору менен макул эмес

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов тергөө мыйзам чегинде жүргөнүн айтып, жетиштүү далилдер бар дейт.

«Милицияга “мага баланы сатып алууну сунуштап жатат” деп тургундан кайрылуу түшкөн. Анда жетиштүү далилдер болгону үчүн атайын ыкчам топ барган. Андан соң иш тергелип, сотко өткөрүлүп берилген», — деди ал.

Ошондой эле ал, милиционерлер сойкукана башчысы менен келишим түзгөн эмес деп ишендирди.

8 жылга эркинен ажыратуу

2019-жылдын 15-июлунда бир айлык ымыркайды сатууга шектелип эркек киши жана аял киши кармалган. Анда шаардык сот шектелген тургунду жана анын жарандык жубайынын баш коргоо чарасын карап, эки айга үй камагына чыгарган.

2019-жылы 12-ноябрда Ош шаардык соту 1 айлык ымыркайды сатып жаткан учурда кармалган кишини жана анын апасын «адамды соодалоо» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан.

Анда сот ымыркайдын атасы делген кишини 8 жылга, энесин 7 жылга эркинен ажыраткан. Алардын жактоочулары шаардык соттун чечими менен макул болбой, облустук сотко кайрылышкан.

Облустук сот үстүбүздөгү жылдын 27-майында ишти карап, күбөлөрдү угуп, ымыркайдын атасы делген киши боюнча шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми апасы күнөөсү далилденбегени үчүн акталып, сот залынан бошотулган.

Наристе кыздын ата-энеси баш тарткандыктан учурда балдар үйүндө тарбияланууда.