Республикалык штаб 18-августта COVID-19дан дагы 318 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында 10 медкызматкер бар — алардын сегизи үй шартында дарыланып келген.
Илдеттен айыккандардын аймактар боюнча көрсөткүчү:
Ош облусу – 71;
Бишкек – 60;
Жалал-Абад облусу – 49;
Ысык-Көл облусу – 40;
Ош шаары – 30;
Баткен облусу – 28;
Чүй облусу – 27;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 4.
Өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 34 885ке жетти, ал эми илдет жалпысынан 42 146 адамда аныкталды. Айыккандардын арасында 2 352 медкызматкер бар.
Мындан сырткары коронавирустан 1 498 киши каза болду.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.