«Жаштарга жол бошотуш керек». Текебаев парламенттик шайлоого катышпайт

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиянын съездинде парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал мындай чечимин партиянын ичинде да, саясатта да «жаштарга жол бошотуу» керектиги менен түшүндүрдү.

«"Ата Мекен" партиясын түптөгөн лидерлер, мен — Текебаев, [Асия] Сасыкбаева, [Дүйшөнкул] Чотонов жана башкалар Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени алардын заманы келди», — деди Текебаев партиянын съездинде.

Бишкекте “Ата Мекен” социалисттик партиясынын съезди өтүп жатат “Ата Мекен” социалисттик партиясы кезектеги XIII...

Posted by Ата Мекен on Monday, 17 August 2020

«Ата Мекендин» тизмесинин сап башында турган Жанар Акаев Текебаевдин чечими жоопкерчиликтүү жана даанышман кадам экенин айтты.

«Бул жогорку саясий маданиятты көрсөтүү. Бирок мен Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясатчылар парламентте болушу керек деп эсептейм. Ошондуктан мен бир четинен Өмүрбек Чиркешович мындай чечим кабыл алганына өкүнөм, бир четинен мен бул адамдын эрки суктандырат. Бул чоң максат үчүн жеке амбицияларды курмандыкка чалуунун мисалы», — деди Акаев.

«Ата Мекен» партиясы бир нече партиялар жана кыймылдар менен биригип, 4-октябрда өтчү шайлоого бара жатат. Кызматташуу жана биригүү тууралуу макулдашууга июндун башында Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Темир Сариев («Акшумкар»), Рыскелди Момбеков (КСДП), Тилек Токтогазиев ( «Жаңы дем» жаштар кыймылы), Азамат Темиркулов («Зеленый альянс Кыргызстана») жана Жанар Акаев (КЛДП) кол койгон. Бирок кийинчерээк Темир Сариев «бирикмеден кетүү» чечимин кабыл алганын айткан.

«Ата Мекен» парламентке 2015-жылы да өткөн. Анда партия шайлоочулардын 7% добушуна ээ болуп, Жогорку Кеңеште 11 орун алган. Партия 2016-жылдан бери оппозицияда болгон. Текебаев ошондо президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында иштелип чыккан Конституцияга түзөтүүлөргө ачык каршы чыккан.

2017-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 1 млн доллар пара берүү тууралуу көрсөтмөсүнүн негизинде Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот өкүмдү жокко чыгарып, Текебаевдин ишин жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча Бишкектин Биринчи май райсотуна кайра карап чыгууга жиберген. 29-августта Биринчи май райсоту саясатчыны үй камагына коё берген. Ал 2017-жылдын февралынан бери камакта отурган, бирок күнөөсүн мойнуна алган эмес жана өзүнө болгон куугунтуктоону «саясий буйрук» деп атаган.