Шайлоо 2020: Бир катар партиялар шайлоого катышуудан баш тартышты

19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар партиялар 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу тууралуу арыздарын чакыртып алганын кабарлады.

Ошентип Боршайком «КРдин агрардык партиясы», «Кыргызстандын комунисттер партиясы» жана «Демократ» партияларынын шайлоого катышуудан баш тарткан билдирүүлөрүн кабыл алды. «Демократ» партиясы «Бир Бол» менен бириккенден кийин БШКдан арызын чакыртып алган.

«Жаратман Эл» партиясы шайлоо фонду үчүн эсепти өз убагында ачпагандыктан шайлоодон четтетилген.

Мындан тышкары, 18-августта «Эмгек», «Бирик», «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» жана «Бийлик элге» партияларынан БШКга парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча билдирүү келип түшкөн. Ошол эле учурда «Бирик» партиясы 14-августта эле «Мекеним Кыргызстан» менен биригерин маалымдаган эле. Ошондой эле 18-августта «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов дагы шайлоого катышпарын жарыялаган, бирок азырынча БШКга арыз тапшыра элек.

БШКнын маалыматы боюнча, 19-августка карата 8 партия съезд өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекиткен.

«Дагы 16 саясий партия съезд өткөрүшөрүн БШКга оозеки билдиришти, алардын ичинен 11и съезд кайда, качан өтөөрүн кабарлашты», — деп жазылат Боршайкомдун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

БШК саясий партиялар үчүн съезд өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыккан. Ага ылайык, съезддин делегаттарынын санын кыскартуу жана ачык асман алдында жолугушуу сунушталат.

17-августта «Ата Мекен» партиясы Маданият жана туризм министрлигинин имаратынын алдында съезд өткөрүп, талапкерлер тизмесин жарыялады. Эртеси Бишкек мэриясы партия чөптөрдү тебелеп салганы үчүн 13 миң сом айыппул салган.

Партиялар 20-августка чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек, ал эми алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 24-август саат 18:00гө чейин тизмени каттоо үчүн документтерди тапшырышы керек. БШК аларды 4-сентябрга чейин каттайт.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. 9-июлга карата 44 партия шайлоого катышарын билдирген. Шайлоонун алдында өлкөдө саясий күчтөрдүн орун алмашуусу башталды: партиялар биригип, партиянын лидерлери отставкага кетип, ал эми Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары шайлоого катышуу үчүн партияларды алмаштырып жатышат.