Спикер Дастан Жумабеков эмгек өргүүсү учурунда Түркиянын президенти менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен «бейрасмий» жолугушту. Бул тууралуу спикердин басма сөз катчысы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Мастафа Шентоп Жумабековду Стамбулдагы жаңыртылган чоң Айя-София мечитине чакырган. Бул сапардын жүрүшүндө Түркия парламентинин спикери кыргыз кесиптешине Түркиянын президенти менен жолугушууну сунуштаган.

«Бейрасмий жолугушуу учурунда Дастан Жумабеков парламент депутаттарынын, биздин республиканын жарандарынын жана жеке өзүнүн атынан Түркияга коронавирус пандемиясынын катаал мезгилинде кыргыз элине гуманитардык жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди», — деп жазды спикердин басма сөз катчысы.

Учурда парламенттин алтынчы чакырылышынын спикери сентябрга чейин эмгек өргүүсүндө. Ал эми 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт, Жумабеков ага «Кыргызстан» партиясынан бараарын убадалаган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Клоопко» курган маегинде, юридикалдык жактан Жумабеков үгүт жүргүзүү эрежелерин бузган эмес, анткени жаңы чакырылыштын депутаттыгына талапкер тизмесине аны расмий түрдө кошо элек деп айтып берди. Учурда ал милдеттерин эмгек өргүүсү учурунда да аткарып жаткан депутат.

«Бул жакта маселе көбүнчө анын моралдык жоопкерчилигинде жатат. Ал талапкер болоорун түшүнүп туруп, өз абалынан пайдаланып, тизмелер берилгенге чейин аны [Түркиянын президенти] менен жолукту», — деди Абдрахматова.

Анын ою боюнча, парламенттин спикери шайлоого катышарын билдиргенден кийин «мыйзамга баш ийген үлгүлүү жаран» катары бул визиттен баш тартышы керек болчу. Ушундай кылганда ал шайлоо процессине бирдей катышуу баалуулуктарынын колдой турганын көрсөтмөк.

Жумабеков шайлоо алдында башка өлкөнүн лидери менен жолугуп жаткан биринчи саясатчы эмес. «Республика» партиясынын лидери жана президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 19-сентябрында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан.

Ошондо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул жолугушууну казак бийлигинин президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү аракети катары баалап, казакстандык кесиптештерине нааразычылык нотасын жөнөткөн. Бирок Боршайком Бабановдун Назарбаев менен жолугушуу фактысында үгүт эрежелерин бузууну көргөн эмес.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. 9-июлга карата 44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. БШК 19-августта шайлоо алдындагы ат салышуудан 8 партия чыкканын билдирди. Шайлоонун алдында өлкөдө саясий күчтөрдүн орун алмашуусу башталды: партиялар биригип, партиянын лидерлери отставкага кетип, ал эми Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары шайлоого катышуу үчүн партияларды алмаштырып жатышат.

Партиялар 20-августка чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек, ал эми алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 24-август саат 18:00гө чейин тизмени каттоо үчүн документтерди тапшырышы керек. БШК аларды 4-сентябрга чейин каттайт.