Ошто жакалаша кеткен милиционерлер бири-бирине сабады деп арыз жазышты

Иллюстративдик сүрөт

19-августта Ош шаарында жол кайгуул кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына экөө тең арыз менен кайрылды.

«Эки жол кайгуул кызматкери бири-бирин сабагандыгы тууралуу арызданышты. Эмне себептен жаңжалдашканы такталууда. Учурда “Майда бейбаштык” беренеси менен КЖБРге катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

«Kaktus.media» басылмасы Ош шаары боюнча ЖКККБнын жол кайгуул кызматынын жетекчиси, милициянын ага лейтенанты Манас Полотов менен аталган ведомствонун улук инспектору, милициянын капитаны Тилек Моңолбаев чырдашканын маалымдады.

Полотов менен Моңолбоев ведомствонун жетекчилеринин биринин иш бөлмөсүндө жакалаша кетип, алар мушташканы жатканда кесиптештери ажыратып калышкан. Алардын чыры бул менен аяктап калбастан, сыртта да уланган.

Алардын чыры эмнеден улам башталганы так айтыла элек.

Ош шаары боюнча ЖКККБнын жол кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, Моңолбаев учурда ооруканада дарыланып жатат, ал эми Полотов эмгек өргүүсүнө чыккан. Аталган факты боюнча Ош ИИБдин ички тергөө кызматы териштирүү иштерин баштады.