Тажрыйбалуу медиктер жөнөтүлөт. Баткен жана Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алгандар төмөндөбөй жатат

Премьер-министр Кубатбек Боронов. Сүрөт: Республикалык штаб

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, аталган облустарда коронавирусту жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат.

«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш», — деди Боронов 21-августта Республикалык штабдын ыкчам жыйынында.

Мындан сырткары өкмөт башчы күз мезгилине карата өлкөдө дары-дармектердин кору болушу керектигин айтты.

20-августка карата өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 42 507ге жеткен. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 3 917 жана Баткен облусунда 2165 учур катталган.