Депутат Зиядин Жамалдинов шайлоого катышуу үчүн мандатын тапшырды

Жогорку Кеңеште «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арызын берди. Бул тууралуу 24-августта Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

ЖМКларда Жамалдинов шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен бараары айтылууда. Ал партиянын 19-августта өткөн съездине катышкандардын арасына болгон.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы келе жаткан парламенттик шайлоого катышпайт, анткени ал Боршайкомго билдирүү берген эмес. Анын лидери Бакыт Төрөбаев жетинчи чакырылыштын депутаттары реформа жасап, өзгөртүү алып келерине ишенберин айткан.

Жамалдинов парламентке алгачкы жолу 2005-жылы келген. 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңеште кулатылган президент Курманбек Бакиев түзгөн «Ак-Жол» партиясынан депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен келген.

Жамалдинов акыркы чакырылышта иштеп жатканда өкмөт же жергиликтүү бийлик тарабынан өткөрүлгөн маараке иш-чараларды кыскартуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал мындай салтанаттарды өткөрүүгө бюджеттен өтө көп каражат кетерин айткан.

«Бүтүн Кыргызстан»

«Бүтүн Кыргызстан» 19-августта съезд өткөрүп, анда партиянын программасы жарыяланып, талапкерлердин тизмесиндеги алдыңкы жети кишинин аты аталган. Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» Темир Сариевдин «Ак Шумкар» партиясы менен бириккен. Бирок алардын биримдиги көпкө узаган жок. 23-августта Сариев келерки парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген.

«Эч кимди күнөөлөбөймүн, күнөө менде, менин принциптеримде [...] Мага ишенген, мени колдоп келген мекендештеримден, партиялаштарымдан кечирим сурайм. Кечирип койгула», — деген ал.

Сариев «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинде 4-орунда болгон. Сариевден тышкары тизмеде партиянын лидери Адахан Мадумаров, ишкер Айгүл Сатарова жана Орозайым Нарматова, экс-депутат Исхак Масалиев, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы бар.

Эми партиялар талапкерлердин тизмесин каттоого керектүү документтерди кагаз жана электрондук түрдө 24-августка чейин БШКга бериши керек. Документтер текшерүүдөн өтүп, 4-сентябрга чейин катталат. Дал ушул күнү үгүт иштери башталып, 3-октябрга чейин созулат. Шайлоонун өзү 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.