«Кечирип койгула». Темир Сариев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

«Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасында 23-августта видео кайрылуу аркылуу билдирди.

Сариев кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн алгач «Ата Мекен», кийинчерээк «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулган.

«Мен шайлоого барбаймын. Бул абдан өкүнүчтүү, аянычтуу. Бул чечим мага оңой келген жок. Түшүнүп турамын, түшүндүрүү да кыйын. Эч кимди күнөөлөбөймүн, Күнөө менде, менин принциптеримде [...] Мага ишенген, мени колдоп келген мекендештеримен, партиялаштарымдан кечирим сураймын. Кечирип койгула», — деди Сариев.

Саясатчы анын чечимине байланыштуу дарегине сын-пикирлер айтыла турганын кошумчалады.

Сариев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде төртүнчү болгон — анын алдында партиянын лидери Адахан Мадумаров, ишкерлер Айгүл Сатарова жана Орозайым Нарматова турган. Ошондой эле партиянын тизмесинде экс-депутат Исхак Масалиев, Коопсуздук Кеңештин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев жана ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов да бар.

Буга чейин «Ак Шумкардын» лидери «Ата Мекен» партиясынан да чыгып кеткен. Анын себеби эмне болгонун Сариев жана партиянын жетекчилиги ачыктаган эмес. Ошол эле учурда экс-депутат Кубанычбек Исабеков «бийлик Сариевге Бишкек шаарынын мэрлигин же Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагалыгын сунуштаган» деп божомолдогон.

Буга чейин Сариев бир нече жолу депутат болуп шайланып, президенттикке да талапкерлигин койгон. Сариев төрт жыл экономика министри, бир жыл премьер-министр болуп иштеп, Балыкчы — Корумду жолунун реконструкциясына байланыштуу чырдан улам отставкага кеткен.