Орусияда теракт жасоого шектелген кыргызстандык Хуснидин Зайнабидинов кайрадан Москвада кармалды

Сүрөт: Бахром Хамроевдин фейсбугу.

Москванын полициясы 2019-жылы Магнитогорсктогу турак үйдү жардырууга шектелген кыргызстандык жана этникалык өзбек Хуснидин Зайнабидиновду кармады. «Ёрдам» укук коргоочу уюмунун жетекчиси Бахром Хамроев билдиргендей, эми Зайнабидинов Орусиянын миграция мыйзамын бузууга айыпталып жатат.

Анын айтымында, анын кармалышы «пландалган», анткени Зайнабидиновду прокуратурага ага башкалка берүү маселеси боюнча чакырышкан.

«Прокурор Кулагин ага иш козгоо жана аны Кыргызстанга экстрадициялоо максаты менен аны алдоо жолу аркылуу полиция кызматкерлеринин колуна өткөрүп берди. Бирок, Кулагин өзү 2020-жылдын 15-августунда Зайнабидиновду бошотуу тууралуу токтом чыгарган болчу», — деди укук коргоочу.

Анда Зайнабидинов Кыргызстандын укук коргоо органдарынын аны экстрадициялоо талабы менен берилген сурам боюнча кармалган. Ал Кыргызстанда 2010-жылы Ошто болгон башаламандыктарга катышкан деп шектелүүдө. Ага карата Кыргызстандык Жазык кодексинин «Бөтөн мүлктү жок кылуу», «Массалык башаламандыктар» жана «Этникалар аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Бирок, Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) ал Кыргызстанда улуттук белгилер боюнча куугунтукталышы мүмкүндүгүнөн коркуп, аны мекенине экстрадициялоого тыюу салган.

«Мен полиция бөлүмүндө улуттук соттордун жана Европа сотунун мурда чыгарган соттук документтерин бергениме карабастан, полициянын бөлүм башчысынын орун басары Кирилин мага “бардык азиаттар Европанын сотторуна эмес, Азиянын сотторуна даттанышкан” деп жооп берди, ал эми АУЕСтин талаптары, чечимдери аларга баары бир», — деди Хамроев.

Ал Зайнабидиновго тагайын деген айыптоолор боюнча бардык иштер жасалмаланган деп эсептейт жана анын кармалышынын жалгыз максаты — бул аны Кыргызстанга экстрадициялоо деп ойлойт.

Зайнабидиновго Орусиянын миграция мыйзамдарын бузду деп коюлган айыптоо боюнча кийинки отурум 26-августта өтөт.

2019-жылы кармалышы

Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Хусниддин Зайнабидинов биринчи жолу 2019-жылдын январь айында Магнитогорскто кармалган. Анда Орусиянын атайын кызматтары аны 2018-жылдын 31-январында Магнитогорсктогу турак үйдү жардырууга катышкан деп айыпташкан. Ошол күнү тогуз кабаттуу үйдүн подъезди урап түшүп, кесепетинен 39 адам каза болгон. Тергөө жарылуу турмуш-тиричилик газынын жарылышын улам болгонун айткан.

Укук коргоочу Хамроев «Озодлик» радиосуна курган маегинде, күтүлбөгөн кырсыктан кийин полиция өзбек, тажик жана кыргыз мигранттарын кармай баштаган деп айтып берген.

«Ал күндөрү жоголуп кеткен мигранттар көп болгон: полиция менен ФКК базарларда жана көчөлөрдө камалоолорду уюштуруп, бүт шаарды аңтарышкан. Мага ал күндөрү жүздөгөн мигранттар сабалып, уурдалышкан деп айтышты. Күнөөнү көбүнчө Борбор Азиядагы мусулмандарга илип коюуга аракет кылышкан. Уурдалып кеткендердин айрымдары эмдигиче табыла элек», — деген Хамроев.

Зайнабидинов болсо суракта учурунда анын мурдун, кабыргаларын сындырышканын, «үйдү жардыргандарды табууну» талап кылып, аны электр тогу менен кыйнашканын айтып даттанган.

Ал тергөө абагына 7 ай отурган. Мындан тышкары, Челябинск облусундагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборунда дагы алты ай болгон.

«Жардыруу боюнча күнөөнү мойнума алуудан баш тарткандан кийин мени депортациялык лагерге таштап: “Сен Кыргызстанда 2010-жылдагы окуяларга катышкансың. Кыргызстан сени издөөгө берди!» деп айтышкан, — деп даттанган Зайнабидинов.

Зайнабидинов жалпы юрисдикциядагы Жетинчи кассациялык соттун токтому менен бошотулган. Ал токтом 2020-жылдын 10-февралында чыгарылган.

Кыргызстандык эркиндикке чыккандан кийин аны кыйнагандарды жоопкерчиликке тартуу жана качкын макамын алуу үчүн Москвага барган. Бирок ал Москвада кармалып, эми аны кайрадан депортацияланганы жатат.