Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августта коронавирустун жаңы 119 учуру катталганын кабарлады. Илдетке чалдыккандардын арасында 9 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусу — 39 (7 медкызматкер);

Баткен облусу — 19 (1 медкызматкер);

Бишкек шаары — 15 (1 медкызматкер);

Ош облусу — 15;

Ысык-Көл облусу — 12;

Ош шаары — 8;

Чүй облусу — 4;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 3.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 43 245ке жетти — алардын арасында 3 110 медициналык кызматкер бар.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 36 925и айыгып, 1 057 киши каза болду. Учурда 5 584 бейтап оору менен күрөшүүдө, алардын 1 021и өлкөдөгү ооруканаларда дарыланып жатышат. Калган 4 563 бейтап үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.