БШК төрайымы менен жолугушуу, 24-август. Сүрөт: Азаттык

«Кыргызстан» партиясынын Боршайком тарабынан катталышы талаш жаратты. «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол» партияларынын маалыматына ылайык, партиянын өкүлдөрү тизме менен керектүү документтерди 24-августта саат 18:00гө чейин тапшырып үлгүрүшкөн эмес. Бул партия менен шайлоого спикер Дастан Жумабеков дагы баратат.

Дал ошол күнү БШКнын имаратынын алдына бир нече активисттер жана башка партиянын өкүлдөрү келип, Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабековадан «Кыргызстан» партиясы катталышы боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылышты.

Чогулгандардын арасында «Ата Мекен» партиясын баштап бараткан депутат Жанар Акаев, «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов да жүрдү. Акаев бир партиянын документтерин тапшырууга 30-40 мүнөттөй убакыт кетерин айтты. Себеби, тизмедеги 100-150 талапкердин ар бирин карап чыгыш керек. Ал ошондой эле бардыгын так билүү үчүн БШКнын ичине коюлган камераларды көрүүнү сунуштады.

Posted by Altysha Lv on Monday, 24 August 2020

Жыйынтыгында Боршайком имараттын кире беришине коюлган камерага тартылган видеону көрсөттү. Анда «Кыргызстан» партиясынын өкүлү 18:01де БШКнын имаратына кирип келгени тартылып калган. Буга байланыштуу башка партиянын өкүлдөрү жана жарандык активисттер «Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү талап кылышты.

Бирок БШКнын кызматкери камерадагы саат 13 мүнөттөй алдыга кеткен болушу ыктымал деп билдирди. Бирок чогулгандар анын айткандарына ишенбей, каттоо журналын талап кылышты. Анда «Кыргызстан» партиясынын өкүлү саат 17:59да катталган, бирок жазуу чийилип кайра оңдолгон. Ошондой эле, камерада партиянын өкүлү эркек киши экени тартылып калган болсо, журналда Абилдиева Э.Т аттуу аялдын аты жазылып, ал кол койгон эмес.

Жарандык активист Рита Борбукеева «Кыргызстандын» тизмесинде спикер Дастан Жумабеков бар экенин белгилеп, партия «мыйзамды бузууга» жол бергенин айтты.

«БШКда иштеген адис Махабат айтып жатат: "Кыргызстан" партиясынын өкүлү келип, "сизге журналга убактысын бурмалап жазганга болбойт" деп айтканына карабай жазып салган. Бул биринчи мыйзам бузуу фактысы. Экинчиси өкүл БШКга кечки саат алтыдан өткөндөн кийин келген. Эмне "Кыргызстан" партиясы дайыма эле күч, зордук менен ар кандай иштерди жасаса боло береби?» — деп суроо салган Борбукеева.

«Социал-демократ» партиясынан шайлоого аттанып жаткан Темирлан Султанбеков алардын өкүлү БШКга документтерди саат 17:56да бергенин жана ошол маалда бир гана «Республиканын» өкүлдөрүн көргөнүн жазып чыкты. Ошондой эле, каттоо журналына саат 17:57 жана 17:58да катталды деген «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрүн көрбөгөнүн билдирди.

Султанбеков өз кезегинде журналга партиянын өкүлдөрү койгон колдор бири-биринен айырмаланып турарын, бирок «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрүнүн кол жазмалары окшош экенине көңүл бурду.

«Учурда мен бул документтерди чет мамлекетке графологиялык экспертизага жөнөтөм. Бул жерде бурмалоо болушу ыктымал деп эсептейм», — деп жазды ал.

Ошентип, «Кыргызстан» партиясын каттоодон чыккан чырды Боршайкомдун жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыкмай болду. Ошондой эле «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев жана партиянын юристтери маалымат жыйын берери кабарланды.

БШКнын 24-августта саат 18:00дөн кийин тараткан билдирүүсүндө 17 партия документтерин тапшырып, 5 млн сомдук шайлоо күрөсүн төлөгөнү айтылган. Бул партиялардын арасында «Кыргызстан» дагы бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.