Мечиттерде эрежелерди сактоо менен жума намазга уруксат берилди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматы 28-августтан тарта Кыргызстанда мечиттер намаз окуу үчүн кайрадан ачыларын маалымдады.

КМДБдан билдиришкендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу мечитке келгендер төмөнкү санитардык эрежелерди сактоого тийиш:

  • Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;
  • Мечиттин айланасында дезинфекциялоо жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү;
  • Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты так сактоо;
  • Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
  • Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
  • Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;
  • Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөт аралыгында чыгып кетүү сунушталат;
  • Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;
  • Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Июль айында өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны күч алган учурда, КМДБ бүт өлкө боюнча мечиттерде жума намаз окууну токтоткон.

Август айында кыргызстандыктар мечиттерди ачуу өтүнүчү менен КМДБга жана бийликке кайрылып башташкан. Мисалы, «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев «Силер мечиттерди ачышыңар үчүн канча төлөш керек?» деген плакат менен борбордук мечиттин алдына чыккан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жарандардын өкмөткө кайрылуулары тууралуу кабарлаган. Өкмөт чыгарган токтомго ылайык, ССМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана КМДБ оорунун таралышын алдын алуу боюнча эрежелерди түзүп чыгышкандан кийин мечиттердин иштеши жандандырылат.

Бирок, мындай эрежелер буга чейин эле бар болчу — КМДБ аларды пандемия күч алганга чейин киргизген эле, ал эми муфтий Максат Токтомушев аралыкты жана санитардык эрежелерди сактоо өтүнүчү менен жарандарга кайрылган.

Динчил адамдардын көбү Кыргызстандын эң таасирлүү диний үгүттөөчүлөрдүн бири Чубак Жалилов каза болгондон кийин коронавируска олуттуураак мамиле жасай башташкан. Ал ооруканага кеч жеткирилгендиктен, аны куткаруу мүмкүн болбой калган.

Кыргызстанда 26-августка карата коронавирус жуктуруунун 43 358 учуру катталды. Пандемиянын башынан бери 37 217 бейтап айыгып, 1 058 адам коронавирустан каза тапты.