Муфтият: Курман айтта айт намазы окулбайт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматы Курман айтта айт намазы окулбай турганын билдирди. Алар 31-июлда өлкөнүн мечиттеринде жана аянттарында өтүшү керек эле.

КМДБ жума намаздары да өткөрүлбөсүн кошумчалады, себеп дегенде бул коронавирустун жайылышына жол бербөөгө байланыштуу. Муфтия кыргызстандыктарды Курман айтты үйдө жакындар менен майрамдоого чакырды.«Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы», — деп билдириштия муфтияттан.

Мурдараак Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев кыргызстандыктарды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарын аткарууга чакырган.

«Өз убагында дарыланып, аралыкты сактап, сабырдуу болуш керек. Ошентип гана кыйынчылыктардан өтө алабыз», — деген ал.Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы 10-июлда коронавирустун жайылып кетпеши үчүн өлкө боюнча мечиттердин баарында жума намаздарды окууну токтотуп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле муфтият каза болгондорду кантип жерге берүү керектиги боюнча сунуштарды берген. Билдирүүдө маркумдун жакындары аралыкты сактап, көп киши болуп топтолбошу керек деп айтылат.