«Кыргызстандын» тарапташтары менен атаандаштары сот имаратынын алдына митингге чыкты

Бишкектин административдик сотунда судья Чолпон Досмамбетова парламенттик шайлоого катышуудан четтетилген «Кыргызстан» партиясынын БШКга карата даттануусун карап жатат. Сот имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулду. Журналисттерди имараттын ичине киргизбей жатышат.

Боршайком 25-августта «Кыргызстан» партиясы комиссияга документтерди «башка адам» аркылуу берген деген чечим чыгарып, аларды кайра партияга кайтарып берген.

Медиаэксперт Гүлнура Төралиева сот имаратынын сыртында болуп жаткандарды Фейсбук аркылуу түз эфирде көрсөттү.

«СейчасKG» телеграм каналында «Кыргызстан» партиясынын тарапташтарын сот имаратынын алдына автобустар менен алып келип жаткан учурунун видеосу жарыяланды.

24.kg маалымат агенттиги «Кыргызстандын» өкүлдөрүнөн тышкары сотко «Чоң Казат» партиясынын мүчөлөрү да келгенин жазды. Алар адамдарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырып жатышат.

Kaktus.mediaнын журналисти партиянын тарапташтары колдоо урандарын кыйкырып жатканын билдирди. Милиция кызматкерлери сот имаратынын алдында тартипке көз салып турат. Журналисттин баамында, ал жакта 200гө жакын адам чогулган.

«Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Талант Мамытов «Азаттыктын» жеринен алып берген түз эфиринде билдиргендей, ал партиянын шайлоого катышарына 100% ишенет, анткени анда «алардын тууралыгынын далилдери» бар жана ал демократиялык сотко ишенет.

Ал эми «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова БШКнын чечими «чийки» болуп калганын, анткени «Кыргызстан» партиясы тарабынан бир гана бузуу каралганын жеринен алып берилген түз эфир учурунда айтты. Ал БШКга документтерди каттоо учурунда калган бардык бузууларды карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылууну пландап жатат.

Эмне болду?

БШК жумушчу топтун «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу сунушун колдогондон кийин аталган партиянын лидери Канат Исаев Боршайкомдун чечимин сотко даттанарын билдирген.

Жумушчу топ мындай сунушту башка партиянын өкүлдөрү менен активисттер БШК «Кыргызстан» партиясын мыйзамсыз каттады деген нааразычылыктарынан кийин сунуштаган. Алар «Кыргызстандын» өкүлү документтерди БШКга тапшырууга кечигип калган деп билдиришкен.

Бирок, Боршайком жыйында партияны кечигип калганы үчүн эмес, документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам тапшырганын белгилеп, чечим кабыл алган.

Кийинчерээк «Кыргызстан» партиясынын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Абилдиева өзүн начар сезип жана COVID-19га шектенгенине байланыштуу документтерди тапшыра албай калганы белгилүү болгон. Анын ордуна документтерди партиянын мүчөсү Аманкул тапшырган, анда Абилдиеванын атына жазылган ишеним кат болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: БШК «Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берген жок