Коронавирус дагы 108 кишиден аныкталды — жалпы 43 820 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: 24.KG

Республикалык штабдан 30-августта коронавирустун жаңы 108 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 45инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 63үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Жалал-Абад облусу — 33;

Бишкек — 17;

Баткен облусу — 16;

Ош облусу — 12;

Чүй облусу — 11;

Ысык-Көл облусу — 10;

Талас облусу — 6;

Ош шаары — 2;

Нарын облусу — 1 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 43 820ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 756. Ал эми Чүй облусунда — 5 370, Ош облусунда — 4 114, Жалал-Абадда — 4 211, Ысык-Көлдө — 3 712, Ош шаарында — 3 398, Баткенде — 2 334, Нарын облусунда — 1 700 жана Талас облусунда — 1 405 учур катталды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын дагы 225и айыкты. Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 107. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 29, Чүй облусунда — 17, Ош шаарында — беш, Баткен облусунда — 15, Ош облусунда — 22, Нарын облусунда — алты жана Талас облусунда — үч бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп сакайгандардын саны 38 198ди түздү. 

Ошондой эле, акыркы суткада COVID-19га чалдыккан Ош облусунун бир бейтап көз жумду. Калган аймактарда бейтаптардын өлүмү катталган эмес. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 059 киши көз жумду.

30-августта коронавирус дагы беш медкызматкерден табылды. Жалал-Абад жана Баткен облустарынан экиден, Ош облусунан бир медик коронавируска чалдыккан.

Ал эми бир суткада алты медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үйүндө дарыланып жаткан жети медицина кызматкери сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 131ге жетти, 2 453 медкызматкер илдеттен айыкты.