Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездинде.

29-августта Бошайком Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» ырына тартылган клипте үгүттөө элементтерин бар-жогун карады. Учурда бул клип музыкалык каналдардан берилип, интернетке дагы жарыяланган. Аталган клипте «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотиби бир нече жолу көрсөтүлөт. Буга чейин ырчы Борбиев партиянын съездине катышкандыктан клиптеги үгүт иштерине окшогон нерселерди «кокусунан дал келүүчүлүк» деп айтууга болбойт.

30-августта Боршайком Бек Борбиевге айып салына турганын «Клоопко» билдирди.

«Чогулуштун жыйынтыгында ыйгарымдуу өкүлгө Бузуулар жөнүнөгү кодекстин 44-беренесине ылайык, административдик чара көрүү сунушталды», - деп БШКдан билдиришти.

Аталган берене боюнча 7500 сом айып пул салуу каралган.

Кыргызсанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө 4-сентябрда башталат. Ага чейин тигил же бул партиянын кыйыр түрдө болсо дагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бек Борбиев буга чейин үч саясий партиянын гимнин жазарын айткан.

«Эгер меден мыкты жазсаңар силерди конкурс менен тандап алышат», - деген ал.

Анткен менен ырчы бир гана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездине катышкан. Ал парламентке келүү ою жок экенин айтып ишендирип келет. Борбиев буга чейин да, тактап айтканда он жыл мурда Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын колдогон.

Коомдо «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдордун партиясы деп келишет. Депутат Искендер Матраимов дал ушул партия менен парламенттик шайлоого бара жатат. Андан сырткары бул партияны вице-спикер Мирлан Бакиров баштап бара жатат. Аны менен катар Матраимовдорду жактап жүргөн юрист Канатбек Азиз менен журналист Элнура Алканова дагы бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.