«Оору кете элек». Таластын башчысы соода борбордун ачылышына чогулган тургундарды таратты

Социалдык тармакта 31-августта өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев соода борбордун ачылыш аземине чогулган тургундарды таратууга аракет жасаганы тартылган видеосу тарады.

Талас облусунун губернатору тойго кызыккандардын “”өпкөсүнө” сүт куйду

Posted by NazarNews.org on Sunday, 30 August 2020

Видеодо көрүнүп тургандай, соода борбордун алдына ондогон тургундар жаш балдары менен чогулушкан. Мураталиев иш-чараны токтотуп, элден тарап кетүүнү талап кылган. Ошондой эле массалык иш-чаранын уюштургандарды жана ага катышкандарды сынга алган.

«Мен буларга [соода борбордун ээлерине] айып пул саламын, тарагыла баарыңар. Кирем дегендер киргиле. Токтоткула музыкаңарды — эмне кылып жатасыңар?! Мени жаман көрсөңөр жаман көргүлө, мен буга макул эмесмин! Кичинекей балдар турат бул жерде, эртең ооруйт баары. Сураныч тарагылачы, болбойт концерт. Айланайын бир туугандар, эмне кылып жатасыңар? Кечээ эле оорунун баарын көрдүңөр го, оору кете элек», — деген Мураталиев.

Бирок тургундардын кээ бирөөлөрү нааразычылык билдиришип, «тарабайбыз» деген сөздөр айтылган. Видеонун аягында Мураталиев бир жерде чогулбай, каалоочулар борбордун ичине кире аларын айткан.

*Өкмөт 18-мартта коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында ар кандай массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салган. Карантин учурунда массалык иш-чара өткөргөн жеке же юридикалык жактарга карата Жоруктар жөнүндө кодексинин «Чектөө иш-чараларынын талаптарын бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылышы мүмкүн. Ошондой эле айып пул салуу каралган.

Коронавирус Кыргызстанда жайыла баштаганда Талас облусунда үч ай бою илдетти жуктуруу учурлары катталбай келген. Аталган облуста COVID-19дун биринчи учуру июнда катталып, бүгүнкү күндө инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 1 407ге жетти.

Ал эми жалпысынан өлкөдө коронавирусту 43 898 адам жуктуруп алган — алардын ичинен 38 459 бейтап оорудан айыгып, 1 059 киши көз жумган.