Республикалык штабдан 31-августка карата коронавирустун жаңы 78 учуру катталганын кабарлашты. Инфекцияга кабылгандардын арасында эки медициналык кызматкер бар.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаары — 18;
Ысык-Көл облусу — 14;
Жалал-Абад облусу — 11;
Баткен облусу — 12;
Чүй облусу — 10;
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 4.
Талас облусу — 2;
Ош шаары — 1.
Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 261 бейтап айыкты.
Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 134. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда — 24, Чүй облусунда — 13, Ош облусунда алты, Талас облусунда төрт, Ош шаарында жана Нарын облусунда бирден бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 43 898ге жетти. Алардын ичинен 38 459 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 88 пайызы. Ошондой эле коронавирус 1 059 кишинин өмүрүн алды.
Бүгүнкү күндө коронавирустан 715 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 4 818 киши үй шартында дарыланууда.
Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада илдет Жалал-Абад облусунда иштеген эки медикке коронавирус жукканы ырасталды. Ошондой эле 18 медицина кызматкери коронавирустан айыкты — алардын 13ү үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 133 медик жуктуруп, алардын 2 471и оорудан сакайган.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.