Талас облусунда коронавирустун алгачкы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Талас облусунда коронавирустун алгачкы учуру катталганын 10-июнда Республикалык штабдан кабарлашты. Өпкө илдети медицина кызматкеринен аныкталган.

Бул мезгилге чейин Талас облусунда коронавирус илдети каттала элек болчу. Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аталган облуста коронавируска анализдер жеринде алынып, текшерүүгө Бишкекке жөнөтүлүп турганын айткан. Кийин ал анализдерди борбор калаага жөнөтүү маселеси Таласта вирусологиялык лаборатория ишке киргизилгенден кийин чечилгендигин жана бардык зарыл болгон изилдөөлөр өз учурда жүргүзүлүп жаткандыгын айткан.

Талас облусунда жаңы мамлекеттик вирусологиялык лаборатория 9-майдан баштап COVID-19дун бар-жогуна анализдерди алып баштаган. Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтымында, лаборатория Казакстан менен чектеш чек арадан өткөндөрдөн анализ алууга ылайыкталган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 10-июнга карата 2093кө жетти, алардын 409у медицина кызматкерлери. Өпкө илдетинен 26 киши каза болуп, экөө медицина кызматкери. Алар Бишкек шаарындагы №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева жана Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер фтизиатры Альберт Исмаилов.

Өпкө илдетинен айыккандардын саны 1572ге жетти, алардын 294ү медицина кызматкери.