Ноокенде чек ара кызматынын аскери жанын кыйды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «Reuters»

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда чек арачы жанын кыйды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-августта 2027 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү кызматын өтөп жаткан аскер асынып алган.

«Окуянын кандай орун алгандыгы боюнча азыркы учурда такталууда жана кызматтык иликтөө иштери башталды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштады», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Буга чейин өткөн жылдын ноябрь айында өлкөнүн ар кайсы аймактарында үч аскер жанын кыйган. Алардын бирөөсү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүндө асынып өлгөн. Маркумдун сөөгү аталган аскер бөлүктүн автопаркынан табылган.

Мындан сырткары Ош облусунун Мады айылында жана Чүй облусунун Кой-Таш айылында кызмат өтөп жаткан жоокерлер өз жанын кыйышкан. Алардын бирөөсү өз үйүндө, ал эми экинчиси №73809 аскер бөлүмүндө асынып алган.