«Жал» кичи районундагы мушташ. Айыпталуучулар 10 жана 11 жылга соттолду

27-августта Бишкектин Ленин райондук соту «Жал» кичи районундагы мушташтын катышуучулары Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбековго карата өкүмүн чыгарды.

Алар «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бапышев 10 жылга, ал эми Сеитбеков 11 жылга эркинен ажыратылды.

Төрт адам катышкан мушташ 2019-жылы 28-августта Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Натыйжада эки адам оор жаракат алган. Кийинчерээк алардын бирөө убактылуу комага түшүп калып, бирок врачтар аны аман алып калышкан. Ал эми экинчисине операция жасалган.

Мушташ болгон жерге милиционерлер келип, ага катышкан эки адамды кармап,бирок андан кийин коё берип салышкан. Прокуратура кийинчерээк аларды алып кеткен Чүй ОИИБинин майору Казыбек Бапышев кармалгандарга тууган болоорун маалымдаган.

Андан кийин сабоого шектүүлөр издөөгө жарыяланып, ал эми милиционерлерге карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча прокуратура текшерүү ишин баштаган.

Ошол эле учурда милиционерлердин адвокаты коргоп аткан адамдары мушташка катышкандарды коё беришпегенин, аларды кезмет бөлүмүнө тапшырып, ошол жерден аларды коё берип жиберишкенин билдирген.

Кийинчерээк, ИИМ шектүүлөргө тууган болгон Чүй ОИИБинин майорун «ишенимди кетиргени» үчүн кызматынан бошоткон.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы 4-сентябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге мушташ боюнча билдирүүгө келип, андан соң ызы-чууга катышкан эки адамды коё берип жиберген милиционерлерге карата «акыркы чараларды көрүүнү» тапшырган.

6-сентябрда аталган милиционерлер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар шектүүлөрдү аныктагандан кийин Бапышев менен көмүскө бүтүмгө барып, бул кылмышка тиешеси бар адамдарды атайын жашырышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-сентябрда милиционерлердин баш коргоо чарасын кайра карап чыгып, алар 2-ноябрга чейин үй камагына чыгарылган. Ишти кароодо милиционерлердин кызматтагы оң мүнөздөмөлөрү, анын ичинде экөө тең үй-бүлөлү жана кичинекей балдары бар экендиги эске алынган.

Санкциялар милициянын башка кызматкерлерине да колдонулган. Мындан тышкары, Бишкектин Ленин РИИБнин тергөө кызматынын начальниги менен тергөөчүсү ээлеген кызматтарынан алынып, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Бишкек милициясынын башчысы Канат Жумагазиев мушташтын эки катышуучусу издөөдө жүргөнүнө карабай Кыргызстандан башка өлкөгө чыгып кетүүгө аракет кылышканын кабарлаган. Окуядан бир нече күн өткөн соң алар өз ыктыяры менен милициянын колуна түшүп беришкен.