Бишкектеги мушташ. Милиционерлер үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райсоту тергөөнүн версиясы боюнча сабоого шектүүлөрдү коё берген милиционерлердин баш коргоо чарасын кайра карап чыкты. Милиция кызматкерлери 2-ноябрга чейин үй камагына коё берилди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүлү ишти кароодо милиционерлердин кызматтагы оң мүнөздөмөлөрү, анын ичинде экөө тең үй-бүлөлү жана кичинекей балдары бар экендиги эске алынганын айтты.

Милиция кызматкерлери 28-августта Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилиш жеринде бишкектиктерди сабаган эки шектүүнү коё беришкен деп айыпталуда.

Жабыркаган эки киши оор жаракаттарды алышкан. Алардын бирөөсү кийинчерээк комага түшүп калган, бирок врачтар аны эсине келтире алышкан.

Кызматтык текшерүүнүн натыйжасында, милиционерлерге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча иликтөө башталган.

Санкциялар милициянын башка кызматкерлерине да колдонулган. ИИМден Чүй ОИББнин майору бошотулган. Ал мушташкандардын биринин агасы болгон. Мындан тышкары, Бишкектин Ленин РИИБнин тергөө кызматынын начальниги менен тергөөчүсү ээлеген кызматтарынан алынып, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына сөгүш жарыяланган.

Милиционерлердин адвокаты милиционерлер мушташтын катышуучуларын кезмет бөлүмүнө алып келип тапшырышканын, аларды ошол жактан бошотуп жиберишкенин билдирген.