Мушташка катышкандар милицияга өз ыктыярлары менен келишти — видео

Бишкектеги мушташка катышкан эки жигитти милиция бир нече күндөн бери издеген, бирок алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өз ыктыярлары менен кармалып беришти. Кишилердин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кезек-кезеги менен кирип жатканы тартылган тасманы «Жалбырак ТВ» каналынын журналисттери жарыялашкан.

Бир сааттан кийин укук коргоо органдарына экинчи жигит келген. Андан соң кишилерди тергөөчүнүн бөлмөсүнө алып барышкан. Ал айыптоону угузуп, баш коргоо чарасы боюнча соттун токтомун окуп берген. Аларды коштоп жүргөн «Жалбырак ТВ» каналынын журналисттинин айтымында, жигиттер убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Бирок бир нече ЖМК Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматына таянып, укук коргоо органдары издөөдө жүргөндөрдү кармады деп жазышкан. Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналисттинин милициянын басма сөз катчысы менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Төрт киши катышкан мушташ Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-августта орун алган. Мушташтын жыйынтыгында эки киши оор жаракат алган. Кийинчерээк алардын бирөө комага түшүп, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Экинчи жабырлануучуга операция талап кылынат.

Жаңжал чыккан жерге келген милиционерлер алгач мушташка катышкан эки кишини кармап, андан соң коё беришкен. Бирок көп өтпөй кайра издөөгө жарыялашкан. Милиционерлерге карата иликтөө иштери башталган.

Жыйынтыгында ИИМ «ишеничти жоготкону» үчүн Чүй ОИИБнин майорун жумуштан алган — иниси мушташка катышканы үчүн ага издөө салынган. Мурдагы милиционер УКМКнын сурагына чакырылды.

Мындан тышкары Ленин райондук милициянын тергөө кызматынын башчысы жана тергөөчү ээлеген кызматынан бошотулган. Инспектор менен кезметте турган кызматкердин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.