Прокуратура мушташкандарды кармабай койгон милиционерлер боюнча иликтөө баштады

Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы 28-август күнү эртең менен мушташ болгон жерге келген милиционерге карата тергөө ишин баштады.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, окуя болгон жерге милиционерлер келген жана алардын бири, Чүй ОИИББнин кызматкери «кызматтык абалынан кыянат пайдаланып, шектүүлөрдү кылмыш кылынган жерден алып кетип калган».

«Милиция кызматкерлери мушташка катышкандарды кармашы керек эле. Бул факт “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча КЖБРге катталган. Бул ишти УКМК иликтейт», — деп билдиришти прокуратурадан.

Бул иш ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин көзөмөлүнө алынган. Ал мушташка катышкандардын бири, учурда издөөдө жүргөнү, мурда милицияда иштегенин билдирди.

«Биздин кызматкерлердин ишке аралашканы дагы чын. Иликтөө аяктаганда, биз жоопту айтабыз», — деп билдирди министр.

Төрт адам катышкан мушташ Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Эки киши башка эки жабырлануучуну сабап салышкан — алардын бирөөсү комага түшүп, кийин өзүнө келген. Жаракат алган экинчи кишиге жаакты калыбына келтирүүчү операция керек. Дарыгерлер эки жабырлануучунун тең абалдарын оор деп баалоодо. Мушташтын чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.