Жаңы эле жайкы каникулдан келген Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан тарта 2-октябрга чейин жыйындарга чогулбай турган болушту. Алар бул убакыт аралыгында шайлоочулар менен жолугат.

Буга чейин төрага Дастан Жумабеков шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда тарта башталарын айтып, көпчүлүк депутаттар кайрадан шайлоого аттанып жатканын эске салып, алар Жогорку Кеңештин трибунасын үгүттөө үчүн колдонушу мүмкүн экенин белгилеген. Мындан улам Жумабеков шайлоого чейин жыйын өткөрбөй турууну сунуштаган.

Жогорку Кеңеш буга байланыштуу токтом кабыл алды. Токтомду 79 депутат колдоп, бир депутат каршы болду.

Жыйындын соңунда Жумабеков кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болгон мыйзам долбоорлоруна добуш берилгенин билдирип, депутаттарга эл менен ийгиликтүү жолугуп келүүнү каалады.

«Токтомду кабыл алып бердик, шайлоочулар менен жакшы жолугуп келиңиздер. Ийгилик каалайм, элде тынчтык, токчулук болуп, шайлоо жакшы өтсүн», — деген каалоосун айтты.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Азыркы чакырылыштын жарымынан көбү Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан талапкерлигин коюуда.

Ошол эле маалда, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт маалында стадионго элди чогултуп, концерт менен коштолгон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, республикалык штаб дагы деле санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого чакырууда.