Коопсуздук кеңеш өкмөт COVID-19дун күч алышына эмне үчүн даяр болбогонун иликтейт

Президенттин басма сөз кызматы Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкөдө COVID-19дун жайылышына алып келген себептер менен шарттарды иликтеп атканын кабарлады.

2020-жылдын январынан июль айына чейин Коопсуздук кеңеши 8 жыйын өткөрүп, мамлекеттик органдар коронавирустун жайылышын алдын алуу, жуктуруу очокторун чектеп болтурбоо жана экономикага болгон коркунучтарды жоюу боюнча сунуштамаларды алышкан.

Азыркы учурда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы «өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына мүмкүндүк берген шарттар менен себептерге, айрым учурларда адам өмүрүн алып кеткен жагдайларга, анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигине иликтөө, анализ тыкыр жүргүзүп жатат».

Талдоонун жыйынтыгы боюнча маморгандарга келечекте мындай санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды болтурбоо боюнча кошумча сунуштамалар берилет.

Мындан тышкары, финполиция төмөнкү фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат:

  • Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан кетирилген шалаакылыктар;
  • Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик контракттар үчүн көз көрүнөө эле пайдалуу болбогон корутундуларды жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер;
  • Мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү.

Коопсуздук кеңештин катчылыгы жарандардан, эксперттерден жана жарандык коомдун институттарынан катчылыкка жүргүзүлүп аткан иликтөө боюнча колдо бар бардык маалыматтарды жана сунуштарды берүүнү суранды.

Коронавирустун Кыргызстанда жайылышы

Өлкөдө коронавирустун алгачкы учурлары 2020-жылдын март айында аныктала баштаган. Бийлик ошондо чек араларды жаап, өлкөгө кайтып келген кыргыз жарандарына карата көзөмөлдү күчөткөн. Бийлик ири шаарларда өзгөчө абал режимин киргизип, жарандардын жүрүүсүн чектеген. Мындай кадамдар өлкөдө инфекция жуктуруунун учурлары аз болуп турганда кылынган.

Өлкө мындай режимде бир жарым ай жашаган. Май айында, вирус жуктуруу учурлары азайганда, бийлик чектөөлөрдү алып койгон. Бул коронавирустун көбөйүшүнө алып келип, июндун аягында Бишкектин бардык ооруканалары бейтаптарга толгон.

Кыргыз бийлигинде даярдык көрүүгө бир айдан ашык убакты бар болгонуна карабастан, коронавирус жуккандардын санынын өсүшүнө өкмөт даяр эмес болуп чыкты. Ооруканаларда медперсоналдын жетишсиздиги байкалгандыктан, өлкөнүн бардык дарыгерлери алынын жетишинче иштеп жатат. Мындан тышкары медицина жабдуулары жана дары-дармектер да тартыш болгон.

Ошол эле кезде президент Сооронбай Жээнбеков жана ошол учурда премьер-министр болуп иштеп аткан Мухаммедкалый Абылгазиев кескин сындарга кабылышкан. Абылгазиевден кийин кызматка келген Кубатбек Боронов да чыгарган чечимдеринин айынан сынга кабылган.

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө дарыгерлерге көмөктөшүү максатында ыктыярчылар менен кайдыгер эмес жарандар бириге башташкан. Алар бейтаптар үчүн күндүзгү стационарларды ачып, ооруган адамдарга көчөдө эле жардам берип, медициналык препараттарга жана жабдыктарга акча чогултушкан.

Июлдун аягына жакын кырдаал турукташып, ооруканаларда бош орундар пайда боло баштаган. Коронавируска кабылгандардын статистикасы да, бир суткада оорудан каза болгон бейтаптардын саны да азайган.

Ошол эле учурда ведомствонун маалымат чогултуу алгоритмдери өзгөрүп, эми болсо маалыматтар аз көлөмдө жыряланууда. Мисалы, учурда ССМ 24 саат ичинде коронавирус боюнча канча тест жасап жатканы белгисиз, бирок мурдараак бул маалымат баарына жеткиликтүү болчу.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн сутка ичинде Кыргызстанда оору жуктурган 78 адам катталган. Ошол эле июль айында Саламаттык сактоо министрлиги менен Республикалык штаб күн сайын миңдеген оору жуктургандар тууралуу кабарлап турган.

Пандемия башталгандан бери COVID-19дун расмий түрдө тастыкталган 44 227 учуру катталган. Алардын ичинен 39 426 адам айыккан. Каза болгондордун тизмесинде 1061 адам бар, бирок ССМ өлүм учурлары тууралуу статистикадан 400дөн ашуун учурду алып, андагы маалыматы жасалма жол менен кыскартканын эске алыш керек.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктурган бул адамдарда өлүмгө дуушар кылган башка да оорулары бар болчу деп көшөрүүдө. Бирок ДССУ мындай учурда өлүмгө дал ошол коронавирус себепчи деп эсептейт.