Парламентке жети жаңы депутат келди — алар болгону бир ай иштешет. Депутаттык макам аларга эмне берет?

Кыргызстан 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого жигердүү даярданууда. Боршайком шайлоого катышуу үчүн 15 партия катталганын маалымдады. 4-сентябрда үгүт мезгили башталды. Ал 3-октябрга чейин созулат.

Ал учурда парламенттин учурдагы чакырылышы аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн бир айлык тыныгууга кетти. Эл өкүлдөрү мындай чечимди жайкы каникулдан келгенден кийин 3-сентябрда кабыл алышты.

Ушул эле күнү парламент жаңы 7 депутаттын антын кабыл алганы тууралуу билдирүү жарыялады.

Алар өз мандаттарын партиялаштары келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу үчүн мандаттарын тапшыргандан кийин алышкан.

Учурдагы чакырылышта иштеп аткан эл өкүлдөрүнүн калгандарынын бардыгы азырынча мандаттарын тапшыра элек, анткени мыйзам аларды буга милдеттендирбейт. Ошол эле кезде парламенттин депутаттарынын көпчүлүгү ар башка партиялардан талапкер болуп шайлоого аттанышууда.

«Депутаттар мандатын өз ыктыярлары менен гана тапшырышат. Шайлоо мыйзамдары парламенттик шайлоонун алдында Жогорку Кеңештин депутаттарына депутатттык ыйгарымдарын тапшыртууну караган эмес. Алар жаңы чакырылыш келгиче макамын кармап кала алышат», — деди «Клоопко» курган маегинде БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

Парламенттин жаңы депутаттары тууралуу жаңылык коомдо терс реакция жаратты, анткени алар чынында бир күн гана иштеп, калган убакытты шайлоочулар менен жолугушууларда өткөрөт.

Бирок, бул адамдар бир ай гана депутат болушканы менен бир катар артыкчылыктарга ээ болушат («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык).

  • Жогорку Кеңештин депутаты, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду копшогондо, жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер боюнча кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес.
  • Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жүгү, жеке жана кызматтык транспорт каражаттары, жазышкан каттары, байланыш каражаттары, ошондой эле документтери текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт.
  • Жогорку Кеңештин депутатынын ишин уюштуруу Жогорку Кеңештин Аппараты жана Иш башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат, алар аны кызматтык жай, керектүү канцелярдык жана техникалык каражаттар, байланыш каражаттары, ошондой эле транспорт менен тейлөөнү камсыз кылышат. Депутат социалдык турмуш-тиричилик шарттары, жумушчу жайы жана Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында жекече орун менен камсыздалат.
  • Жогорку Кенештин депутаты консультант алууга укуктуу.
  • Депутатка ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнө дипломатиялык паспорт берилет. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгү аккредицияланган өлкөгө барган Жогорку Кеңештин депутатына зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө тийиш.
  • Депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары иш сапарларына чыккан Жогорку Кеңештин депутатынын чыгымдары ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөнүп берилет.
  • Бишкек шаарында турак жайы жок депутатка анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине турак жай мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда кызматтык турак жай берилет.
  • Бош кызматтык турак жай жок болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жайды ижарага алгандыгы үчүн ай сайын компенсация төлөнөт.
  • Депутат Кыргыз Республикасынын аймагында, таксилерди кошпогондо, жүргүнчүлөрдү ташуучу мамлекеттик автоунаалардын бардык түрлөрүн бекер пайдалануу, ошондой эле сапарга чыгуу документтерин кезексиз алуу укугуна ээ болот.
  • Жогорку Кеңештин депутаты, ошондой эле аны коштоп жүргөн адам мамлекеттик жана муниципалдык мейманканада кезексиз жайгаштырылууга укуктуу.
  • Депутатка айлык маянасына таасир эткен тийиштүү класстык чен ыйгарылат.
  • Депутату присваивается соответствующий классный чин, который влияет на размер зарплаты.
  • Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, мамлекеттик кызмат стажына, адистиги боюнча иш стажына эсептелет. Депутат ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин Жогорку Кеңешке шайланганга чейинки мурдагы ишине (кызматына), ал эми ал бош болбогон учурда ошого тете башка ишке (кызматка) орноштурулат.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү үчүн белгиленген шарттарда медициналык, санатордук-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздалат.
  • Жогорку Кеңештин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине кызматтык курал берилет.

Мандатты жаңы алган депутаттар артыкчылыктардын баарын колдонууга үлгүрбөсө дагы жок дегенде маяна алышат.