БШК: Ош шаарында эки жарым айда шайлоочулардын саны 12 миңге көбөйдү

Ош шаарындагы шайлоо участогу. Сүрөт: Элдияр Бакиров / Клооп

Ош шаарында акыркы 2,5 жарым айдын ичинде 12 миңден ашуун жаран форма №2 боюнча каттоого турду. Бул тууралуу «Клоопко» Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди.

Кадыров билдиргендей, 26-июнда жарыяланган шайлоочулардын алдын ала тизмесинде Ош шаарында 143 764 шайлоочу катталган. Ал эми 8-сентябрга карата маалымат боюнча шайлоочулардын саны 155 миңден ашты.

«Ош шаардык мэриясынын сунушу боюнча жана каттоого турууну каалагандарга шарт түзүп берүү үчүн Оштун аймактык шайлоо комиссиясы кошумча 10 участок ачуу чечимин кабыл алган. [...] Бул шайлоо участоктору форма №2 арызын берген жарандар менен гана иштейт, демек ал жерде Ош шаарында добуш берүүнү каалаган [башка аймактардан келген] шайлоочулар болот», — деди Кадыров.

*№2 форма — бул шайлоочунун шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн бериле турган арыз. Аталган арыз аркылуу шайлоочу катталган жеринен эмес, башка жерден добуш берсе болот. Добуш берүүчү жаран ал тандаган участокто биометрикалык каттоодон да өтүшү керек болот. Мындан кийин шайлоочу тизмеге киргизилип, катталган участокто добуш бере алат.

Мындан сырткары БШКнын Оштогу өкүлү ар бир шайлоо участогунда 2 500гө чейин киши гана катталууга болоорун кошумчалады. Анын айтымында, 10дой участокто шайлоочулардын саны бул ченемден ашыкча болгон. Ошондой эле, 20дан ашуун участокто шайлоочулардын саны 2 400дөн ашкан.

Ош шаарындагы кошумча участоктор төмөнкү мекемелердин имараттарында жайгашат:

  • Түштүк кыргыз геология экспедициясы;
  • «Айданек» балдар бакчасы;
  • Киров атындагы гимназия мектеби;
  • «Асан-Үсөн» жеке ишканасы;
  • «Каныкей» балдар бакчасы;
  • Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин Черёмушки кичи районундагы филиалы;
  • Манас-Ата аймактык кеңешиндеги юридикалык институттун корпусу;
  • ОшМУнун медициналык колледжинин 1-корпусу;
  • Шевченко атындагы орто мектеби;
  • Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Кесиптик лицейи.

Шайлоого катышуу үчүн №2 форма боюнча жарандар 19-сентябрга чейин каттоого тура алат. Демек Ош шаарында убактылуу каттоого туруп шайлагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Көбүнчөсү шайлоочуларды №2 форма аркылуу башка аймактарга каттоого шайлоого катышкан партиялар кызыктар. Мыйзамга ылайык, саясий партиялар Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 7 пайыздык чек коюлган. Ошол эле учурда партиялар ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан 0,7 пайыздан кем эмес добуш алышы керек.

Эгер партия кайсы бир аймакта же шаарда анчейин белгилүү эмес болсо, шайлоо участогун алмаштыруу ага аталган аймак же шаардан 0,7% босогодон өтүү үчүн керектүү санда добуш алууга мүмкүндүк берет. Партия аймактардан колдоочуларын таап, аларды колдоосу жок болуп жаткан аймакка которот.

Ал эми шайлоо участогун алмаштырган жарандардын добушун партиялар сатып алууга аракеттенет. Социалдык тармактарда «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү шайлоочулардын добуш берүүчү участокторун алмаштыруу үчүн акча сунуштаганы тууралуу бир нече сүрөт, видео жана маалымат тараган.

Массалык каттоо

Шайлоо астында шаарларда шайлоочулардын саны кескин көбөйө баштайт. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде өлкөбүздүн бир нече шаарларында — алардын ичинде Ош дагы бар — жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүшү керек эле.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жылдын башынан тарта 13-февралга чейин Ош шаарында 35 895 адам жаңыдан каттоого турган. Ал учурда Ошто шайлоочулардын саны 139 117 адамды түзүп, жаңыдан катталган «потенциалдуу шайлоочулар» жалпы шайлоочулардын санын 25 пайызга көбөйткөн.

Мекеме бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп баштаганда, аймактардан Ош шаарына жаңыдан катталган жарандардын көбү бир үйдө же батирде каттоого турганы белгилүү болгон. Орто эсеп менен бир үйгө 400-500дөн шайлоочу катталган, ал эми айрым турак жайга 1300 катталганы ашкереленген.

Ошол эле маалда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мыйзамда бир жерге канча киши катталышы боюнча нормалар жазылган эмес деп билдирген.

Ал эми Башкы прокуратура бул фактылар боюнча иликтөөнү баштап, Ош жана Каракол шаарларынын Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Тергөө учурунда аталган кызматкерлер жаңы катталган жарандарды үй ээлеринин уруксаты жок каттоого коюшканы аныкталган.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоо коронавирустан улам белгисиз убакытка жылдырылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

№2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда?

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шаарга тиешеси жок жарандар шайлай алышат. Түшүндүрөбүз