«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иш-чарасы концерт менен коштолду

Vesti.kg басылмасы 8-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт иштерин массалык иш-чара өткөрүү менен өткөрүп жатканы тууралуу видео жарыялады. Анда ырчылардын бири ырдап жатканын көрүүгө болот. Буга 100гө жакын киши күбө болгон.

Буга чейин Республикалык штаб коронавирусту жайылтпоо максатында 50дөн көп кишинин чогулуусуна чектөө койгон. Мындан сырткары, мыйзамга ылайык үгүттөө иштеринде спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бул окуя боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынан жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Үгүт онлайн өтөт, массалык иш-чаралар болбойт

Бир ай мурун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова «Биринчи радионун» эфиринде парламенттик шайлоого карата үгүт иштерине жаңы эрежелер жана чектөөлөр киргизилгенин билдирген.

Ал үгүт иштери онлайн режимде өтүп, массалык иш-чараларга тыюу салынаарын айткан. Мындай чечим коронавирустун пандемиясына байланыштуу кабыл алынган.

Алардын ордуна депутаттыкка талапкерлер үчүн дебат жана тегерек столдорду өткөрүүгө телевидение жана радиодо акысыз эфирдин убактысы көбөйтүлүп берилери кабарланган.

Элди пандемияга карабай чогулткан партиялар

Бирок эрежелерди көпчүлүк партиялар сактабай келет. Мисалы «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын талапкерлери 7-сентябрда Ош облусунун Араван районунда шайлоочулар менен өткөргөн жыйынга топтолгондордун саны 50дөн ашкан. Ошондой эле, аралык сакталбай, дээрлик беткап тагынгандар болгон эмес.

Бирок ошол эле күнү Ысык-Көлдүн Каракол шаарында «оппозициячыл» «Ата-Мекен» партиясы жыйын өткөргөн «Барсхан» тойканасына айыппул салынды. Мэриядан муну топтолгон адамдардын саны ченемден ашкандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми «Замандаш» партиясынын Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуусунда социалдык аралык сакталган эмес.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева 8-сентябрда ички иштер органдары тарабынан санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо боюнча рейддер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык региондордо жүргүзүлүп жатат деп ишендирген.

Бирок рейддин жыйынтыгы боюнча жана канча эреже бузуу фактылары аныкталганы тууралуу так маалымат бере алган эмес.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө Өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 613кө жетти. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.