Болгарияда кармалган депутаттын уулун экстрадициялоо процесси башталды

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 9-сентябрда билдиргендей, Болгариядан 28-февралда София шаарынан кармалган депутат Саматбек Ибраевдин уулу Даниярды экстрадициялоо процесси башталды. Ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыктын жети фактысы боюнча шектелүүдө.

Данияр Ибраев 2019-жылдын 24-декабрында эле кылмыш жасагандыгы тууралуу сыртынан кабардар болгон. Ошол учурда эле Свердлов райсоту ага камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын чыгарган. Ал эми 26-декабрда эл аралык, анын ичинде Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Милициянын маалыматына ылайык, 2019-жылы аларга бир нече курулуш компаниясы 28 жаштагы «Строймир» ЖЧКсынын башкы директору Данияр Ибраев курулуш арматурасын алып келип берүүнү убада кылып, бирок ири суммадагы акчаны алгандан кийин байланышка чыкпай калганын айтып кайрылган.

«Зыяндын жалпы өлчөмү — 507 млн 352 миң 49 сомду түзгөн. КЖБРге жети эпизод катталды», — деп билдиришти ШИББден.

Милиция Ибраевдин алдамчылык аракетинен жабыркаган жарандарды Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына кайрылууга чакырды.

2020-жылы мартта Болгариянын ЖМКлары кармоодон кийин Варна шаарынын аппеляциялык соту Ибраевди үй камагына жөнөткөнүн, ошол эле маалда ал электрондук билерик тагынып жүрүшү керек болгонун кабарлашкан.

Аппеляциялык инстанциянын судьялары үй камагына чыгарылган Ибраев жышырынып, качып жана келечектеги өткөрүп берүү процедураларына жолтоо кылбайт деген чечим чыгарышкан.

Данияр Ибраев сотко Болгариядагы туруктуу жашаган дарегинин ижара келишимин көрсөткөн. Ошондой эле ал Качкындар иши боюнча мамагенттиктен башпаанек берүү тууралуу суранып, каттоого туруу картасын алган.

Данияр Ибраевдин коргоочулары сотто анын үй-бүлөсү саясий куугунтукка кабылганын, себеп дегенде анын атасы оппозициялык КСДП партиясынын саясатчысы деп кабарлаган. Ибраев өзү сотто Болгарияда башпаанек алуу үчүн арыз тапшырганын, анткени адам укуктарын сыйлаган өлкөнү издегенин айткан.

Сот жыйынында адвокаттар анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камакка алууга тыюу салуу жөнүндө токтомду көрсөтүшкөн. Айыптоочу тарап Ибраевдин арызын четке кагууну талап кылган, себеп дегенде ал куугунтукталып аткан кылмыштын мүнөзү Кыргызстандын мыйзамдары боюнча алдамчылык катары кфалификацияланат.

Данияр Ибраев деген ким?

Данияр Ибраев — парламенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин уулу. Данияр өзү депутат Узарбек Жылкыбаевдин депутаты болгон.

2019-жылы декабрда медиаэксперт Азим Азимов фейсбукта пост жарыялап, досу депутат Ибраевдин уулунун алдамчылыгынан жапа чеккенин кабарлаган.

«Данияр Ибраев компаниянын бренди менен атасынын атын жамынып алып ишенимге кирип, досумдан карызга арбын акча алган. Бардык топтогон [акчаларын]. Тилкат бар. Эми болсо карызды бербей жатканына жарым жылдан ашты. Байланышка чыкпай жатат. Жакында эле “Строймир” ар кандай адамдар менен компанияларга миллиондогон долларларды карыз экенин уктум», — деп жазган Азимов.

Анын айтымында, бул окуядан кийин Данияр өзү да, Саматбек Ибраев да байланышка чыккан эмес.

Кийинчерээк алдангандар көп экени белгилүү болгон.

Саматбек Ибраев 2020-жылы 23-мартта өз ыктыяры менен Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматынан кеткен. Анын ордуна кызматка спикердин мурдагы кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков келген.

Депутат Дастан Бекешев ошол учурда Ибраев уулунун аты аталган чуудан кийин кызматта калууга моралдык укугу жок деп билдирген.

Анткен менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кабарына ылайык, Ибраев 2020-жылы 9-апрелде парламенттин депутатынын мандатын алган.