1000 $ пара менен кармалган УКМКнын кызматкери иштен бошотулду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы пара талап кылган кызматкерин атайын кызматты «дискредитациялаганы үчүн» иштен алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 11-сентябрда билдирди.

Шектүү 4-сентябрда 1 миң доллар пара алып жатканда финансы полициясы жана УКМКнын ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

УКМКнын кызматкерине карата «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, ал камакка алынган. «24.kg» басылмасы өздүк булактарына таянып, шектүү жеке ишкерден жалпы 3 миң доллар талап кылганын билдирген.

«Учурда сотко чейинки өндүрүштү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жүргүзүүдө. Иш Башкы прокуратура, УКМК жана Финансы полициясынын жеке көзөмөлүнө алынды», — деп билдиришти УКМКдан.

Ал эми жабырлануучу — эки баланын жалгыз энеси — «Кактус» басылмасына шектүүнүн туугандары ага басым жасаганын айтты. Ошондой эле ал бул көйгөйдү чечүү үчүн анда эки гана жолу бар болгонун белгилеген: өз өмүрүнө кол салуу же анын үстүнөн арыз жазуу.