Айылдык мугалим балдарды окутуу үчүн ноутбукту кредитке алды

Айылдык кыздарды колдоо боюнча «Айылдык Кыз Village Girl» долбоорунун негиздөөчүсү Мээрим Нруланбекова фейсбук барагында айылдык мугалим балдарды окутуу үчүн ноутбук сатып алууга кредит алганын жазды. Анын айтымында, мугалимдин телефону балдарды окутуу үчүн керектүү колдонмолорду колдобойт.

Кыргызстандын окуучулары 2020-жылдын мартынан тарта аралыктан окуп жатышат. Мындай чечимди бийлик балдарды коронавирустан коргоп калуу максатныда кабыл алган.

Балдар үйдөн чыкпай эле билим алышы үчүн Билим берүү министрлиги атайын сайттарга окуу куралдарын жүктөп, андан тышкары телевизор аркылуу көрсөткөн. Бирок мындай окутуу системасы өлкөнүн окуучуларынын бардыгына эле ылайык келе бербейт. Ата-энелердин жана мугалимдердин көбү гаджеттердин жетишсиздиги менен интернеттин начардыгына арызданышууда.

Мындай көйгөйлөргө айрыкча аймактардын тургундары кабылган — үй-бүлөлөрдүн көбүнүн интернетке жеткилиги чектелүү. Аларда гаджет сатып алуу же мугалим менен байланышта болуу үчүн телефонго акча салмак тургай үй-бүлөлөрүн багууга акчалары жетпейт.

Учурда Нурланбекова «Айылдык Кыз Village Girl» долбоорунун дагы бир негиздөөчүсү Малика Алёнова менен бирге элеттик мугалимдер менен окуучуларды керектүү гаджеттер менен камсыздоо үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатышат.

«Тилекке каршы, бул оор учурда окуучулардын бардыгында эле аралыктан окууга жеткилик алууга мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Биздин команда өлкөнүн аймактарында окуган балдарга жана мугалимдерге девайстарды чогултуп берүүнү пландап жатат. Ар бир балада билим алууга мүмкүндүгү бар болушун каалайт элек», — деп жазган Алёнова.

Башкы сүрөтү иллюстративдүү.

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

Баткен: Үйүндө окуткан мугалимге ноутбук беришет, бирок аймакта интернет начар тартат

Бир кадр менен: Пандемиянын айынан үйдө бүк түшүп сабак жазган окуучулар

«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө

«Аралыктан окутуунун кереги жок». Ата-энелер балдарын мектепке кайтарууну суранышууда