Бир кадр менен: Пандемиянын айынан үйдө бүк түшүп сабак жазган окуучулар

Сүрөт: Бактыгүл Сокушованын фейсбук баракчасынан алынды

Фейсбук колдонуучусу, журналист Бактыгүл Сокушова окуучулар үй шартында билим алып жаткандыгы тууралуу сүрөттү фейсбук баракчасына 7-сентябрда жарыялады. Посттун астына калтырылган пикирлер боюнча сүрөт Баткен облусунда тартылган болушу ыктымал.

Сүрөттө 17 окуучу үйдүн ичинде жерге бүк түшкөн абалда окуп жатканын көрүүгө болот. Ал эми мугалимдин столунун бир чети гана көрүнгөн.

«Ауу, бийликтегилер, чоңдор, онлайн окууңарды көрдүңөр да?! Байкуш мугалимдер айласын кантип таап, байкуш окуучулар башын жерге сайып кантип окуп жатышканын. Тылтыйып отура бербей чечсеңер боло! Силерден башкасы баары ушундай абалда! Качанга чейин өзүңөрдүн ыңгайыңар менен боло бересиңер?» — деп суроо салган Сокушова.

Ошондой эле, аталган постун алдына интернет колдонуучулар «Соткасы жок катышпаганы канча?», «Биздин бийликтегилерге азыр баары бир тең, шайлоо бир тең болуп турат», «Байкуш мугалим чыдабай балдарды үйүнө чакырып окутуп жатат го» деген пикирлерди калтырышкан.

Билим берүү министрлиги «Клоопко» учурда бул окуя такталып жатканын билдирди.

«Бул сүрөт кайсыл жерде тартылганын, кайсыл мектептин окуучулары экенин тактап жатабыз. Балким телеберүүлөр же интернет тартпай калган аймак болушу мүмкүн. Тактап, бул тууралуу кошумча маалымат беребиз», — деди ведомствонун басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.

Мектеп окуучулары коронавирус пандемиясынын айынан үстүбүздөгү жылдын март айынан бери аралыктан билим алып жатышат. Ошондой эле өлкөдө мектеп окуучулары үчүн жаңы окуу жылы да аралыктан билим алуу менен башталды. Мындай чечимди бийлик өлкөдөгү коронавирустун кырдаалына байланыштуу кабыл алган. Азырынча мектепке биринчи класстын окуучулары гана барууда.

Анткен менен бийлик күзүндө оору жуктургандардын саны өсүшү мүмкүндүгүн айтып эскертүүдө.

Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары билим алышы керек болгон атайын программаны иштеп чыккан. Бирок ведомствонун окутуу ыкмасы көптөгөн кемчиликтерди көрсөткөн. Ата-энелер окутуу видеоматериалы мектеп окуучуларына түшүнүксүз экенин, окутуу программасы бар мобилдик колдонмолор жана сайттар начар иштеп, же такыр эле иштебей жатканына даттанышкан. Аймактарда абал кыйла татаалыраак. Зарыл гаджеттер жана интернеттин жоктугунан улам окуучуларда сабак окууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Тема боюнча:

«Аралыктан окутуунун кереги жок». Ата-энелер балдарын мектепке кайтарууну суранышууда