Баткендик медиктер Ысык-Көлдөгү реабилитация шарттарына нааразы. Штаб баары «тийиштүү деңгээлде» дейт

Республикалык штаб баткендик медкызматкерлердин Ысык-Көлдөгү реабилитациясы начар шартта өтүп жатат деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу маалыматты мурдараак, саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова билдирген эле.

Өкмөт 21-июлдан тарта COVID-19 менен ооруп айыккан жана коронавирус тутанган маалда алдыңкы катарда иштеген медиктерди ден соолуктарын чыңдоо үчүн Ысык-Көлдүн пансионаттарына жөнөтө баштаган.

«Соцтармактарда баткендик врачар Ысык-Көлдө эс алуу шарттарына нааразы болуп атышканы туура кептер жүрүп атат. Биз бул пикирге макул эмеспиз. Эмне жакшы болушу мүмкүн? Бизде доомат жок. Тескерисинче биз ыраазыбыз», — деп келтирет штаб Кызыл-Кыя ооруканасынын бөлүм башчысы Ирсалат Абдуллаеванын айткандарын.

Республикалык штаб медиктер «Энесай» жана «Алтын жай» пансионаттарында эс алышууда, ал жакта шарттар жакшы: жашоо, тамактануу жана маданий программа «тийиштүү деңгээлде уюштурулган» деп жазат.

Штаб маалымдагандай, 14-сентябрга карата COVID-19дан кийин 2500дөн ашуун медик «Энесай» жана «Алтын жай» пансионаттарында эс алып, реабилитациядан өтүштү.

Ал эми штаб төгүндөгөн маалымат чыгаргандан кийин Елена Баялинова анын чын-бышыгын күмөнгө койду.

«Баткендик медиктер өздөрү гана, Респуликалык штабдын басымы жок эле, чындыгында кандай болгонун өздөрү билишет... Байкуштарым, байкуштарым го менин...Бирок, балким, жакшырак тамактандыра башташаттыр силерди», — деп жазган ал.

«Уят болуш керек!»

Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Баялинова 14-сентябрда фейсбук барагында ага Баткенден медиктер телефон чалып, реабилитациянын шарттарына даттанышканын жазган.

«Шарттар өтө жаман деп жатышат, муну уюштурулган маданий эс алуу жайы деп айтуу кыйын, тамактары начар, алтургай ачка калбаш үчүн эч жерден азык-түлүк сатып ала албайт экенсиң. Эс алууну уюштурган аткаминерлер, кыязы, баткендик байкуштар үчүн боло берет дешкен окшойт!» — деп жазган Баялинова.

Анын оюнча, медиктер эс алып жаткан шарттарын видеого тартып көрсөтө алышпайт, себеби аларды «жазалап, жумуштан алып же кечирим сураттыруулары» мүмкүн.

Мындан тышкары, Баялинова көптөгөн медкызматкерлер кызыл аймакта иштегени жана иштеп жатып COVID-19га чалдыкканы үчүн компенсация ала электигине көңүл бурган.

Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом өлчөмүндөгү бир жолу берилүүчү компенсация каралган. Ал эми кызыл аймакта иштегендерге кадимки маянага кошумча акы төлөнүп берилиши керек.

Анын айтымында, азыр баары акча алууга үмүмүтүн жоготкон, анткени медиктер жумушта жүрүп жуктуруп алышканын далилдей турган Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясында баары «гестаподогудай өтө катаал».

«Мисалы, эгер зонада стандарттык жеке коргонуу каражатысыз кирип иштеген болсоң, анда компенсацияны көрөм деп ойлобо, эч ким эмне үчүн сенде ал жок болгонун териштирип отурбайт. Жакыным, Саламаттык сактоо министрлиги — дүйнөдөгү эң адилеттүүм, өкмөттүн иши да жок ал жакта эмне болуп атканына, ал жакта бардыгы, социалдык блокту тескеп колдошу керек болгондору шайлоого кеткен. Айымдар жана мырзалар, уят деген болушу керек!» — дейт Баялинова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 11-сентябрга карата 144 медик 200 миң сомдон компенсация алган. Мындан тышкары, COVID-19дан каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсү миллион сомдон компенсация алган.

Штаб маалымдагандай, эпидемологиялык абал күч алган жерлерде мартан августка чейин иштеген медиктерге жалпы 1 млрд 110 млн сом кошумча төлөнүп берилген.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 3 174 медкызматкер коронавирус жуктурду. Алардын ичинен, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2 710 адам айыгып, 71 медик көз жумган.